Хабибулла Абдукадырга таандык учак Бишкекке учуп келгени айтылууда

  • 2 года мурун

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өнөктөшү катары таанылган ишкер Хабибулла Абдукадырга таандык учак Бишкекке учуп келген. Бул тууралуу иликтөөчү журналист Болот Темиров Твиттердеги баракчасына жазды.

Анын айтымында, учак 10-майда саат 19:15те Дубайдан учуп келип, «Манас» аэропортуна конгон. Cаат 20:15те Алматы багытын көздөй учуп кеткен.

«Учактын сүрөтүн карап, анын Hyper Partners компаниясына таандык экенин билүүгө болот. OpenDemocracy басылмасынын иликтөөсүндө бул компаниянын ээси Хабибулла Абдукадыр экени айтылган. Ал журналисттердин аткезчилик, Кыргызстандан чыгарылып кеткен акчалар тууралуу иликтөөлөрүндө Райымбек Матраимов менен бирге фигурант болгон адам», — деп жазган Темиров.

2019-жылы «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдү жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

Иликтөөдөгү башкы каармандардын бири Айеркен Саймаитини кийин Стамбулда белгисиз кишилер атып кетишкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты