Осмонбек Артыкбаевдин ал-абалы дурус
- 6 лет мурун
- Баяндар
УКМКнын басма сөз катчысы УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жаткан Жогорку Кеңеш депутаты Осмонбек Артыкбаевдин ал-абалы жакшы экенин билдирди.
Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу анын саламаттыгына байланыштуу анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Ал эми айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Артыкбаевдин ал-абалы начарлап, Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу кармоочу жайына “Тез жардам” чакырылганын жазышкан. Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз катчысы бул маалыматты төгүндөп, анын ал-абалы туруктуу экенин билдирди.
Осмонбек Артыкбаевге Кылмыш кодексинин 303-беренеси, коррупция боюнча кылмыш ишин козголгон.
2012-2013-жылдары Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча “Электр станциялары” ААКына төрт компаниядан сунуш түшкөнү аныкталган. Ал компаниялардын ичинен Кытайдын СМЕС мамлекеттик компаниясынын сунушу пайдалуу болгон. Ал 356 млн долларга долбоорду ишке ашырууну сунуштаган. Компаниянын негизги иши энергетикалык долбоорлор боюнча эл аралык контракттар менен иштөө болчу.
Ал эми Кытайдын ТВЕА компаниясы долбоорду 390 млн долларга сунуштаган. Бул компаниянын мындай долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбасы жок болчу. Ошого карабастан, 2013-жылдын 24-майында КР Президентинин резолюциясы менен ал кездеги Энергетика жана өнөр жай министри О. Артыкбаевге ал кездеги тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы С. Исаковдон жана финансы-экономикалык анализ жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Н. Ахметовадан подрядчы катары ТВЕА компаниясын тандоо сунуш каты келген.
Андан кийин О. Артыкбаев 2013-жылдын май айынан декабрь айына чейин контракттык келишимди түзүүгө даярдык көрүү боюнча көп жолу кеңешме өткөргөн. Анда ал ТВЕА компаниясы менен алар айткан шартта келишим түзүү тууралуу айткан. О. Артыкбаев орун басары А. Калиев, “Электр станциялары” ААК башкы директору С. Авазов жана эксперт Ж. Назаров менен техникалык-экономикалык негиздеме ж.б. техникалык документтерди талап кылышкан эмес.
Анын натыйжасында 2013-жылдын 16-июлунда техникалык-экономикалык негиздемеси ж.б. техникалык документтери жок эле Кыргызстан үчүн пайдасыз болгон келишим “Электр станциялары”жана TBEA компаниясы тарабынан Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча 386 млн долларга эл аралык стандарттын “ЕРС” (“баарын даярдап, ачкычын карматуу”) контракттык келишими түзүлгөн.
Түзүлгөн «EPC» контракты боюнча “Электр станциялары” курулушка кеткен чыгымды көзөмөлдөй албай калган.
КР Эсеп палатасынын 2018-жылдын 12-апрелиндеги актысы боюнча жогоруда аталган контрактты түзүүдө сметанын негизинде так эсептер жана чыгымдардын ар бири боюнча конкреттүү смета түзүлгөн эмес.
«ЕРС» контрактын түзүүдө Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы корголгон эмес, анткени аткарылган ишке кеткен каражатты так аныктоого мүмкүн эмес. Тандап текшерип көргөңдө айрым позиция боюнча баалардын айырмасы 20 млн долларга чейин жеткен. Ал өзүн-өзү качан актайт жана коротулган каражаттын кайтарылышы тууралуу эсептер жана экономикалык анализдин жоктугу кредитти кайтара албоо кыйынчылыгын жана мамлекеттик активдерди жоготууга алып келиши мүмкүн.
Кылмыш ишке шектүү катары О. Артыкбаев 6-июнда камакка алынган.