Дача-СУ окуясын иликтей турган коомдук комиссия ишин баштады

  • 2 года мурун

Бүгүн, 12-майда Бишкекте Дача-СУ окуясын иликтей турган коомдук комиссиянын алгачкы жыйыны өттү.

Комиссия алты ай иштеп, учактагы жүктүн чоо-жайын жана элден чогулган акчанын бөлүштүрүлүшүн иликтей турган болду.

10-майда президент Садыр Жапаров 2017-жылдагы учак кырсыгына байланыштуу коомдук комиссия түзүлгөнүн Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Комиссияда мурдагы инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов төрагалык кылууда. Курамында укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова, журналист Дилбар Алимова, «Эйр Манас» авиакомпаниясынын өкүлү Бекзат Алимов, “Ачык маалымат фондунан” Элнура Алканова, жарандык активист Мавлян Аскарбеков, экс-премьер-министр Кубатбек Боронов, укук коргоочу Төлөкан Исмаилова, «Стоп Беспредел» маалымат сайтынын башкы редактору Кайрат Кенжебай уулу, адвокат, милициянын отставкадагы полковниги Кубанычбек Култаев, жарандык активист Тимур Махмудов, укук коргоочу Динара Ошурахунова, иликтөөчү журналист Али Токтакунов, укук коргоочу Нурбек Токтакунов, журналист Адил Турдукулов, экс-депутат Бактыбек Турусбеков, укук коргоочу Эркингүл Убышева, жарандык активист Самсаалы Четимбаевдер бар.

2017-жылдын 16-январында Бишкектин четиндеги «Манас» эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушунда Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Каргашада 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч каза болгон.

Бул кырсыкка байланыштуу кылмыш иш козголуп, кийинчерээк токтотулган. 2021-жылдын декабрь айында президенттин аппараты Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Дача СУ жана башка кылмыш иштери боюнча иликтөө уланып жатканын жана алардын жыйынтыгы жакында коомчулукка белгилүү болорун кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты