Кубанычбек Кулматовго кылмыш иши кошулду
- 6 лет мурун
- Баяндар
Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 350-346-беренелеринин (“Документтер, мамлекеттик сыйлык, штамп, мөөр, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же жасалмасын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде 14-июнда козголгон. Бул тууралуу Бишкек сотунда бүгүн, 18-июнда, Кулматовдун баш коргоо чарасы каралган учурда белгилүү болду.
Бажы кызматынын экс башчысы жана Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов 28-июнга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына камакка алынган. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-июнда кабыл алган.
Бүгүн, 18-июнда, шаардык сот Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, соттун мурдагы чечимин күчүндө калтырды.
Кулматовго 18-майда Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча айып тагылган, үйү тинтүүгө алынып, мүлкү камакка алынган.
Тергөө Кулматов 2014-жылы мэр болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкектин Жылуулук электр борборуна жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн каражаттты мыйзамсыз коротууга тиешеси бар экенин маалымдаган.
Кулматов өзүнө тагылган айыпка макул эместигин маалымдаган.