КР ИИМи Москвада жол кырсыгын жасаган кыргызстандык айдоочуга укуктук жардам берүүдө   

КР ИИМи Москвада жол кырсыгын жасаган кыргызстандык айдоочуга укуктук жардам берүүдө      

КР  Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү россиялык кесиптештери менен байланышып жаткандыгын билдирди.

Россиядагы кыргызстандыктар таксисттин күнөөсүнөн жабыркап ооруканада жаткандарга материалдык жардам берүү үчүн эсеп ачып, каражат чогултуп жатышат.  

Белгилүү болгондой, Чыңгыз Анарбек уулу, Жалал-Абад шаарынын тургуну, 1990-жылы туулган. 16-июнда Москва шаарынын Ильинка көчөсүндө такси айдап бара жатып, жолдон чыгып кетип, жөө бараткан жети кишини койдуруп кеткен. Алардын арасынан бир адамдын абалы орто, калгандарынын ден соолугу канаттандырарлык деп айтылууда.

Кырсыкка кабылган кыргызстандык айдоочунун үйүнүн экстремизмге шек жараткан материалдар табылган эмес, экстремисттик уюмдарга тиешеси жок экени тастыкталган.

Таксист болуп Россияда легалдуу иштеп жүргөн. Бул кадимки эле жол кырсыгы экендигин айтылууда. Жол кырсыгынын күнөөкөрү Чыңгыз Анарбек уулу 20 саат уктабай иштегенин, андан мурдагы күнү эки саат эле уктагандыктан, көзү илинип кетип, газ менен тормозду адашып басып алганын айтып берген.  Ал эми кырсыктын чоо-жайын тергөо иштери аныгына чыгарат.

Кыргызстандын Россиядагы ИИМ өкүлчүлүгү ири жол кырсыгына кабылган ал таксистке укуктук жагынан жардам берүүдө.

Ал эми Россияда иштеген кыргызстандыктар  жол кырсыгынан жабыркап ооруканада жаткандарга материалдык жардам берүү үчун эсеп ачып, каражат чогултуп жатышканын социалдык түйүндөр аркылуу кабарлашууда.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты