Мухаммедкалый Абылгазиев: “Бишкек, Оштогу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү облус борборлорунун деңгээлине чыгарышыбыз керек”

Мухаммедкалый Абылгазиев: “Бишкек, Оштогу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү облус борборлорунун деңгээлине чыгарышыбыз керек”Бүгүн, 14-июнда, Жогорку Кеңеш жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету каралды.  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылдагы жетишкендиктер менен кемчиликтерди жана аларды чечүүнүн жолдору тууралуу кеңири маалымат берди.

Жыйын жүрүшүндө 2017-жылы өлкөдө спорт тармагы ийгиликтер менен коштолгондугу: эл аралык спорттук иш-чаралардан кыргыз спортсмендери 700дөн ашуун медаль менен кайткандыгы, футбол боюнча курама команда дүйнөлүк рейтингден алдыга жылып, 75- орунга жеткендиги, волейбол боюнча курама команда тарыхта биринчи жолу Азия оюндарына катышууга мүмкүнчүлүк алгандыгы жана башка алгылыктуу мисалдар айтылды.

Депутат Курманкул Зулушевдин суроосуна жооп берип, Өкмөт башчы М.Абылгазиев “Энергохолдинг” ишканасына коррупцияга аралашпаган, 30 жылдан ашуун тажрыйбасы бар жетекчилерди алып келгендигин маалымдады. Ал эми ишкананы министрликке айлантуу сыяктуу маселелерди сентябрга чейин иликтеп чыгып, парламент менен чогуу чечүүнү сунуш кылды.

Саламаттыкты сактоо тармагы боюнча өлкө аймагындагы бейтаптардын баары Бишкек, Ошко келип дарылангандай шарт түзүлүп калгандыгына токтолду. “Ошол үчүн Бишкек, Оштон алган сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү облус борборлорунан алгандай деңгээлге чыгарышыбыз керек”,- дейт.

Депутат Мирлан Жээнчороев күйүүчү майлардын кымбаттоосу боюнча өткөн күздө эле эскертүү берилгендигин, бул багытта интервенция, диверсификациялоо жолдору менен иш жасалбаганын сынга алды. Ошондой эле Талас, Баткен облустарына СИЗО куруу зарылдыгын, башка облустардай эле Ысык-Көл, Талас облустарына күч органдарынын кызматкерлери үчүн үй куруу керектигин кошумчалады.

КР Өкмөт башчысы Нарын, Ысык-Көл облустарында май айында жааган кардан кырылган малдын ээлерине көмөк көрсөтүлөрүн айтты.

Район акимдерин ротациялоо зарылдыгын көтөрүп чыккан депутат Айнуру Алтыбаева административдик-аймактык реформа токтоп калгандыгын сынга алды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты