“Ата Мекен”: “Башкы прокуратура саясатка аралашып, баш аламандыкты жактоо практикасына кирип кеткендиги терең өкүндүрөт”

 

“Ата Мекен”: “Башкы прокуратура саясатка аралашып, баш аламандыкты жактоо практикасына кирип кеткендиги терең өкүндүрөт”“Ата Мекен”  партиясынын Башкы прокуратуранын Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартуусу боюнча билдирүү таратты.

“Ата Мекен” партиясынын саясий кеңеши Башкы прокуратуранын, атап айтсак, баш прокурордун орун басары Ж. Жаманбаеванын жана андан төмөнкү кызмат тепкичинде турган башка прокурорлордун Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароону өтүнгөн жактоочулардын өтүнүчүнө баш тартканы белгиленет.      

“Ата Мекен” саясий партиясынын саясий кеңеши төмөнкүлөрдү билдирет:

“Ата Мекен” саясий партиясы, анын ичинде партия лидери Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотонов, өлкөдөгү саясаттын чындыгында эле өзгөргөнүнө ишенип, өзүнүн жактоочудары аркылуу ишти кайра карап чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына кайрылган.

Алардын сот тарабынан акыйкатсыз жана мыйзамсыз соттолушу боюнча беш кынтыксыз далил (жаңы ачылган жагдайлар боюнча) келтирилген.
Башкы көзөмөл органынын бул аракеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна каршы келет, анда ар бир жаран сот тарабынан корголууга укугу бар деп айтылат. Андан тышкары кылмыш ишин кайра кароодон баш тартуу президенттин 2018-жылдын февраль айындагы Коопсуздук Кеңешинде айткан сөздөрүнө каршы келет, анда Кыргызстандагы соттор улам көбүрөөк жарандардын ишениминен кетип бара жатканы, бул ишенимди кайра кайрыш керектиги айтылат.

Башкы прокуратура Леонид Маевский менен Алексей Модинди жана бул кылмыш ишин  уюштуруучуларды, ошондой эле кылмыш ишинин ойдон чыгарылганын тастыктап турган далилдерди атайын жашырып койгон сотторду жана атка минерлерди жоопкерчиликке тартуунун ордуна, жаңы бийлик келгенине карабастан, саясий оппоненттерин абакка отургузууга кызыкдар болгондордун жолун жолдоп жатканы өкүнүчүү.

Мындай чечимди кабыл алууга чейин Башкы прокуратурага, анын жаңы жетекчилигине бардык кыргызстандыктар алардын конституциялык укуктарынын бекем корголушуна, мыйзам үстөмдүгү, соттордун чынчыл жана акыйкаттыгы орношуна, прокуратура органдары тарабынан мыйзамдуулуктун камсыз болушуна чоң ишеними жана үмүтү бар болчу.

“Ата Мекен” саясий партиясы  укуктук жана башка мыйзам бузууларга аеосуз күрөш жарыялап, кыймылдын башында башында Алмазбек Атамбаев турган, “Ата Мекен” партиясы мыйзамдуулук жана акыйкаттыкты жактоого салым кошуп келди. Мына ошол максаттын жолунда Өмүрбек Текебаев азыр эркинен ажыратуу жайында камалып олтурат.

Ал эми Өмүрбек Текебаев эгемен Кыргызстанда демократиялык процесстердин орношуна жана ишке киргизилишине жетишип келген азчылыктын көч башында турган. Жогорку Кеңештин алты чакырылышынын депутаты болуу менен өзүнүн саясий эркин мыйзамдуулук жана мыйзам үстөмдүгүн орнотуу күрөшүнө арнап келген.

Бийликтин чектен ашкан өзүм билемдигине каршы туруу менен ал саясий чагымчылыктын курмандыгы (“Матрешка”, “Курал гейт”, “Белиз гейт, “Маевский гейт”) болуп келди.

Башкы прокуратура саясатка аралашып, баш аламандыкты жактоо практикасына кирип кеткендиги терең өкүндүрөт.

Биз прокуратура жана сот бийлигинин акыйкат жана мыйзамдуу чечимии үчүн күрөшөбүз. Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун жана мыйзамсыз камакка алынгандардын эркиндиги үчүн күрөшөбүз.

Биз ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Ж. Жаманбаеванын Башкы прокурордун орун басары кызматына ылайык келээри боюнча кесипкөйлүгүн кароо маселесин жана Текебаев менен Чотоновдун ишиндеги укук бузуулардын бузулушуна жол берүү маселесин кароону талап кылабыз” деп айтылат “Ата Мекен” саясий партиясынын кайрылуусунда.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов  «Мегаком» чырына байланыштуу «Коррупция» беренеси менен айыпталган жана өткөн жылдын февраль айында камалган. Аларга орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган» деген айып тагылган, сот аты аталган саясатчыларды сегиз жылга эркинен ажыраткан. Алар азыр абакта жатышат.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты