Айдоочуларга эскертүү: Боом капчыгайында трассанын бир тарабы убактылуу жабылат

  • 2 года мурун

10-майдан 13-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 118-чакырымда таш кулатуу иштери жүрөт. Буга байланыштуу Боом капчыгайында саат 09:00дөн 15:00гө чейин жолдун бир тарабы жабык болот.

Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эгер 30-40 автоунаа бир топтолуп кала турган болсо, таш кулатуу иштери токтотулат.

Мындай иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты