Бишкекте «Өлбөс полк» жүрүшү өтүп жатат

  • 2 года мурун

Бишкекте Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата «Өлбөс полк” жүрүшү өтүүдө.

Шаардын «Түштүк дарбазасынан» старт алган жүрүштүн катышуучулары Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө басып барышат. Ал жерде согушта курман болгондор эскерилип, өлкө жетекчилиги катышкан митинг-реквием өтөт.

«Өлбөс полк» жүрүшү Ош, Жалал-Абад, Кемин, Каракол, Кара-Балта жана башка калктуу конуштарда дагы өтүп жатат.

Кыргызстанда биринчи жолу “Өлбөс полк” акциясына 2012-жылы уюштурулуп, жүрүш Ош шаарында өткөн. Акыркы эки жылдан бери эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу «Өлбөс полк» акциясы онлайн режимде өтүп келген, бул ирет жүрүш кадимки режимде өтүүдө.

Сүрөт: «Азаттык»

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты