Футбол боюнча чемпионат ачылат

Футбол боюнча чемпионат ачылатБүгүн, 14-июнда, Москва шаарынын Лужники стадионунда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат ачылат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты “Лужники” стадионунда Москва убактысы боюнча 17:30 да өтөт.

Чемпионаттын ачылыш аземиндеги шоу программадан кийин  Россия менен Сауд Аравиясынын боло турган матчы коштойт. Ачылыш аземинде ошондой эле 1994 жана 2002-жылдардагы футбол жылдызы бразилиялык Роналду чыгып, россиялык опера ырчысы  Аида Гарифуллина жана британиялык ырчы Робби Уильямс ырдайт.

Футбол оюндары Россиянын 11 шаарында өтөт: Москва, Калининград, Санкт-Петербург, Волгоград, Казань, Нижний Новгород, Самара, Саранск, Ростов-на-Дону, Сочи, Екатеринбург.

Футбол мелдеши  биздин УТРК жана УТРК спорт каналдарында көрсөтүлөт. Бардыгы болуп 64 матч өтмөкчү.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты