Экономика: сандар жана турмуш сабагы
- 7 лет мурун
- Блог
27-апрелде “Ак кеме” мейманканасында “Экономика: сандар жана турмуш сабагы” аттуу тегерек стол болуп өттү. Ага Элмира Ибраимова, Феликс Кулов, Акматбек Келдибеков, Равшан Жээнбеков, Арслан Малиев ж.б. саясатчылар катышып, өлкөнүн экономикалык турмушу тууралуу ой бөлүштү.
Элмира Ибраимова: “Көмүскө экономиканын көлөмү чоң”
2016-жылдын экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыгын чыгара турган болсок, расмий статистика өлкөнүн өнүгүп жатканын белгилейт, бирок бюджетти карасак, киреше 0,1 пайызга гана өскөнүн белгиледи.
—Мында акча каражаты кайда кетти деген суроо туулат. Шурудай тизилген саптар кээде суроо белгисине айланып калат. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча салык боюнча жыйналбаган каражат 6, 9 миллиард сомду түзгөн. Анын ичинде салык кызматы боюнча 4, 1 миллиард, бажы кызматы боюнча — 2,1 миллиард. Мындай сандар көмүскө экономиканын көлөмүнүн чоң экендигин айтып турат. Көмүскө экономиканын бар экенин өкмөт да моюнга алат. Кыргызстандын формалдуу эмес сектору ички дүң продукциянын 50-70 пайызын түзөт. Бул коррупциялык каржы булагынын өтө чоң масштабы тууралуу айтып турат.
Кыргызстандын тышкы соодасы 5, 5 миллиард долларды түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу дээрлик 1,4 пайызга өстү. Ошондо экспорт 5,1 пайызга өскөн. Бул сандар дагы эле суроо жаратат. Улуттук статистика комитети менен Улуттук банктын кошумча баасын эске алганда экспорт 1, 5 пайызга төмөндөгөн, ал эми алтынды эсепке албаганда 7, 7 пайыз төмөн болмок. Тышкы сооданын жүгүртүлүшүнүн тескери сальдосу—2,1 миллиард доллар. Мамлекеттин экономикалык көйгөйлөргө көңїл бурбаганы элди чет өлкөлөрдөн жумуш издөөгө мажбур кылат.
Равшан Жээнбеков: “Мамлекетти башкаруу моделин өзгөртөлү”
Эгерде мэр, айыл өкмөт, жергиликтүү Кеңешке акча бербесек, бийлик бербесек, аларга эл тарабынан шайлоо мүмкүнчүлүгүн бербей турган болсок, экономикада өзгөрүү болбойт деп белгилеп, Р. Жээнбеков мамлекетти башкаруу моделин өзгөртүүнү сунуштады.
—Эгерде мамлекетте маанилүү өзгөрүүлөр болуп, өнүгүш үчүн бизге эмне керек дегенде, эгерде элдин 10-15 пайызы бирдей ойлонуп, бирдей багытка багыт ала турган болсо, бирдей максат койсо, эртели-кеч анда маанилүү өзгөрүүлөр болот. Бизге кандай реформа керек? Эгерде экономиканы өнүктүрөбүз десек, буга соттордун да тиешеси бар, анткени экономикалык көйгөй сотто чечилет. Эгерде экономиканы өнүктүрөлү десек, жергиликтүү бийлик күчтүү болушу керекпи? Мэрди, айыл өкмөтүн шайлабай турган болсок, экономикада өзгөрүү болобу же болбойбу? Албетте болбойт. Эгерде биз мэр, айыл өкмөт, жергиликтүү Кеңешке акча бербесек, бийлик бербесек, аларга эл тарабынан шайлоо мүмкүнчүлүгүн бербей турган болсок, экономикада өзгөрүү болобу же болбойбу? Албетте болбойт. Үчүнчүдөн, мамлекетти башкарууга чарбакер келди, илимпоз, коммунист, мультимиллиардер келди, бирок өзгөрбөгөнүнө көзүбүз жеткенден кийин эмнени өзгөртүшүбүз керек? Адамдардыбы же мамлекетти башкаруунун моделинби? Албетте, мамлекетти башкаруу моделин өзгөртүшүбүз керек экен. Башкаруу модели сөзсүз коллективдүү башкарууну, премьер-министр башкарган, аны парламент контролдогон мамлекеттик башкаруу моделин орнотушубуз керек. Мына ушул үч талап мамлекеттин экономикасын өзгөртүүгө алып келе турган реформаны орнотууну баарыбыз кааламайынча, мамлекетте өзгөрүү болбойт.
Ахматбек Келдибеков: “Өсүш жөнөкөй жарандарыбызга таасирин тийгизген жок”
Өз сөзүндө ал ички дүң продукция чынында эле 220, 3 млрд 458 млрд сомго чейин, б.а. эки эсеге чейин өскөнүн моюнга алды. Бирок бул экономикалык өсүш жөнөкөй жарандарга эч кандай таасир этпейт деди.
—Соңку 6 жылда тарифтер өстү. Мисалы, 2010-жылы Кыргызстандагы айлык орточо 7200 сом болчу, анда бир адамдын айлык акысы чыгымдын 70 пайызын жапчу. Бүгүнкү күндө орточо айлык 14 400 сом болду. Бирок бул каражат чыгымдын 40 пайызын араң жабат. Кыргызстандын орточо айлык акы 207 долларды түзөт. 2010-жылдан бери коммуналдык төлөм 2,5 эсеге өстү. 6 жыл мурун 1 литр бензин 31 сом болсо, азыр 40-41 сом болуп көбөйдү. Баалар 150-250 пайызга өстү.
Мамлекет мигранттар үчүн эмне жасады? Эчтеке жасаган жок. Россияда бүгүнкү күндө 3-4 миңге чейин мигранттар түрмөдө, туурабы? Тышкы иштер министрлиги же өкмөт бул маселени көтөргөнүн уктуңуздар беле? Бул маселени алар көтөргөн жок. Туруктуу өнүгүү стратегиясы тууралуу айтышат, бирок болгону 4 чакан ишкана курулду. Ал эми Талды-Булак сол жээк азырынча продукция бере элек, пландап гана атат. Жер-үйдөгү Кыргызстандын үлүшү 40 пайыз, “Визор” казак компаниясыныкы 60 пайыз, айрым маалыматтарга караганда (анын тактыгын тастыктай албайм) 160 тан-300 млн доллар алды дешет. Кыргызстан 40 пайызынан да айрылып, болгону 100 млн доллар алып калды.
Адахан Мадумаров: “Адам потенциалын эч ким айта элек”
Жаңы Кылмыш-жаза кодекси ишке кирсе, бийликке сын көз менен караган жарандардын үй-мүлкүн алып коюшат деди А. Мадумаров.
—Алтын кетип баратат, нефть жок деп айтып атабыз, ал эми эч ким бүгүнкү күнгө чейин адамдын потенциалын айта элек. “Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо” деп Барпы ырдагандай, эл болбосо Ала-Тоонун, касиеттүү көлдүн пайдасы кайсы, эл болбосо. Соңку кездерде элди айтпай калдык, элибиз сабатсыз, маданиятсыз, караңгы, мыйзамыңа да, ыйманыңа да ишенбейт деп. Тилекке каршы, ыйлагандын оозу жаман, Феликс Шаршенбаевич кооптуу маселенин башын айтты. Келечекте жаңы Кылмыш-жаза кодекси ишке кирет. Мына ошондо эгерде сын көз менен карап койсоң, өзүндү эле эмей, үйүңдү дагы, тооканадагы тоогуңду да алып коюшат. “Атаңдын машинеси бар» деп жөлөк пул бербей жатышат. Азыр кооптуу, авторитардык мезгилге келип такалдык.
Феликс Кулов: “Алтын отургучта отурган жакыр адамдай”
Ф. Кулов эгер өкмөттүн каражаты жетишпесе, инвесторлор менен бирдикте элдик акционердик коом түзөлү деген сунушун айтты.
—Кыргызстандын темир кенинин запасы, 80-100 млрд доллар алтын кен байлыгы бар деп айтабыз. Анда биз алтын отургучта олтурган жакыр адам кейпин кийип жүргөн болобуз. Бул каражаттар элге чейин жетпей атат. Айталы, Баткен облусунун тургундары бизге жардам берсеңер 70 гектар жерге суу чыгарып бергиле дешет. Ал үчүн 24 км канал куруп, 90 млн куб м. суу сактагыч куруп бергиле дейт. Ал жакта чакан ГЭС куруп коюуга болот. Ошентип аларга 250 млн доллар кетет. Бирок өкмөттө каражат жок. Алар акчанын баары жерде жатат, алтындын 22 тоннасы, дагы 80 тонна болжолдонгон, тактала элек запасы бар деп жатышат. Биз анда инвесторлорду тартуу менен элдик акционердик коом деп биргелешкен ишкана түзөлү деп айтып атабыз. Ал эми акчаны инвесторлордон келечек пайданын үлүшүнөн бөлүк-бөлүгү менен алып, улам аны ишке салып туралы дейбиз.
Жылдыз Жолдошева: “Чакан ишканалар ачылышы керек”
Ж. Жолдошева айыл өкмөттөрүнө чакан ишкана ачуу тапшырмаларын бериш керектигин белгиледи.
—Тилекке каршы, биздин өкмөт Россия Федерациясы менен “Камбар-Ата 1”дин Нарын Каскады боюнча келишимди жокко чыгарып койду. Кыргызстан суу жана энергетиканы чектей албайт. Ошондуктан бул маселеге өкмөт кайтып келиши керек. Себеби суу менен энергетика биздин алтындан да чоң байлыгыбыз. Бизде 7 область, 40 район, 493 айыл өкмөт, 16 шаар бар. Менин сунушум — эмнеге айыл өкмөттөрүнө биз чакан ишкана ачыш керек деп айтпайбыз? Малайзия кантип өнүгүп-өсүп кеткен мисалын карайлы. Алар да жакырчылыкка батып кеткенде, мигрант болуп сыртка чыгышып, кайра келип өлкөсүн өстүрүшкөн. Биздин эмгек мигранттарыбыз да кайтып келип, акча салалы дешсе, айыл өкмөттөрү аларга чакан ишкана ачып, экономиканы көтөрүїгө шарт түзүшү керек. Айыл чарба продукцияларын кайра иштеп чыгуучу чакан ишканалар курулушу зарыл.
Даярдаган Айгүл Бакеева