Депутат Кадыкеев Нурланбек Кадыкеевич 49 жашында кайтыш болду

 

Депутат Кадыкеев Нурланбек Кадыкеевич 49 жашында кайтыш болдуКыргыз Республикасы орду толгус оор жоготууга учурады. 12-июнь күнү Жогорку Кеӊешинин депутаты Кадыкеев Нурланбек Кадыкеевич 49 жашында кайтыш болду. Ал  Түркияда каза болду. Бул кабарды «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков  тастыктады.

«Мурда Түркиядан операция жасатып келген. Акыркы учурда ашказаны ооруп жүргөн. Кайра кеткен окшойт, түндө Түркияда каза болуп калгандыгын уктук», — деди Батырбеков.

Фракциялашы Кадыкеевдин сөөгүн алып келиш үчүн жубайы жана туугандары учуп кеткендигин кошумчалады.

 Кадыкеев 1970-жылдын 21-январында Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор кыштагында туулган.2015-жылдын 4-октябрында «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Ага чейин 2005-жылдан 2010-жылга дейре «Манас» бажыканасынын начальниги болуп иштеген.

Ал 2015-жылдын 28-октябрында «Кыргызстан» саясий партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына шайланып, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетти жетектеген, өлкөнүн фискалдык саясатына байланыштуу бир катар орчундуу мыйзам долбоорлорун демилгелеген.

Анын артында аялы жана эки баласы калды.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты