16-майдан тартып кыргызстандыктар Орусияга чектөөсүз кире алышат

  • 2 года мурун

16-майдан тартып Кыргызстандын жарандары үчүн Орусияга кирүүгө, ошондой эле Орусиянын жарандарынын Кыргызстанга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мындай чечимди эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен Орусия өкмөтү кабыл алган.

Бул маселе 2022-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-отурумунда талкууланган.

Өкмөттөр аралык комиссиянын ишине Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук катышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты