Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 5-майда Министрлер кабинетинде чек ара маселеси боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын Өкмөттүк делегациясынын туруктуу мүчөлөрү катышып, чек араны тактоо маселеси талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Өкмөттүк делегация Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш жүргүзөрүн билдирди.

Кеңешменин жыйынтыгында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Өкмөттүк делегациясынын мүчөлөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты