Конституциянын кабыл алынганына 29 жыл толду. Президенттин куттуктоосу

  • 2 года мурун

Бүгүн, 5-майда Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 29 жыл толду. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга куттуктоо жолдоду.

Мамлекет башчысы куттуктоосунда кыргыз эли дайыма акыйкаттыкты туу тутуп, адилеттикке умтулган эл экенин, учурда колдонуудагы Конституция дал ушул адилеттикке умтулуунун, теңчиликтин болушун шарттарын айткан.

«Көз карандысыз Кыргызстандын биринчи Конституциясына 1993-жылдын 5-майында кол коюлгандыгы жамы журтка белгилүү. Мамлекетибиздин Баш мыйзамына 2021-жылдын апрелинде болгон референдумдун (жалпы элдик добуш берүүнүн) жыйынтыгына да өткөн жылдын 5-майында кол коюлду. Жалпы элдик добуш берүүдө мекендештерибиз өлкөнүн көз карандысыздыгын, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды, жарандардын укуктары менен эркиндигин бекемдеген Конституция үчүн добуш беришкен. Ошентип, жалпы кыргызстандыктар саясий системанын туруктуулугун, ата-бабалардын каада-салтынын сакталышын, социалдык кепилдиктер менен камсыз болуу жолун тандашты. Аракеттеги Баш мыйзамыбыздын негизги жоболору аркылуу ишкердик активдүүлүк, жарандык демилге жана коом турмушу ишенимдүү түрдө корголмокчу», — деп жазылат президенттин куттуктоосунда.

Жапаров жаңы кабыл алынган Конституция мамлекеттик башкарууда жана мыйзам чыгаруу системасында олуттуу өзгөрүүлөргө гана алып келбестен, өлкө экономикасын кескин өнүктүрүүгө, жарандарыбыздын жашоо-шартын жакшыртууга жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө укуктук негиздерди түзөрүн билдирген.

Эгемен Кыргызстандын Конституциясын 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент кабыл алган. Андан бери бир канча жолу өзгөртүлүп, соңку референдум 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн.

Ага жалпы шайлоочулардын 36,66% катышкан. Анын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, Кыргызстанда президенттик башкаруунун болушун жактады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты