Бишкекте президенттин катышуусунда футзал боюнча «Мурас» турнири старт алды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 4-майда Бишкекте футзал боюнча “Мурас” салттуу достук мелдеши башталды. Мелдештин ачылышына президент Садыр Жапаров катышты.

Кыргыз футбол бирикмеси жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулуп жаткан мелдеш 4-5-майда «Газпром» ден соолукту чыңдоо комплексинде өтөт. Ага ар тармактын өкүлдөрүнөн турган 12 команда катышууда.

А тайпасында “Президенттин администрациясы, “Ден соолук”, “Жогорку Кеңеш” командалары, В тайпасында “Өнөр”, “Билим”, “Ыйман” командалары, С тайпасында “Бизнес”, “Элчилер”, “Спорттук федерациялар” командалары, D тайпасында “Алга”, “Аймактар”, “Журналисттер” командалары ойнойт.

Достук турнири “Президенттин администрациясы менен “Жогорку Кеңеш” командаларынын оюну менен башталды.

Ар бир тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген команда чейрек финалга чыгат. Тайпалык жана чейрек финалдык оюндар 4-майда, жарым финал менен финал 5-майда өтөт.

2021-жылдын 17-декабрында кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футзал боюнча достук оюну өткөн. Анда биринчи орунду маданият ишмерлеринин “Өнөр” командасы, экинчи орунду футбол ардагерлеринин “Алга”, ал эми үчүнчү орунду мамлекет башчысы Садыр Жапаров башында турган “Президенттин администрациясы” командасы ээлеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты