Будапешт-Бишкек-Будапешт багыты боюнча түз авиакаттам ачуу пландалууда

  • 2 года мурун

Кыргызстан менен Венгрия жакынкы аралыкта Будапешт-Бишкек-Будапешт багыты боюнча түз авиакаттам ачууну макулдашты. Каттамды венгриялык WizzAir авиакомпаниясы ишке ашырат. Бул тууралуу Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыгында белгилүү болду.

«Будапешт-Бишкек-Будапешт түз аба каттамдарын ачуу Кыргызстан үчүн инвестициялык жана туристтик потенциалды мындан ары өнүктүрүү жагынан абдан маанилүү», — деп айтылат ТИМдин маалыматта.

Белгилей кетсек, 3-майда Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун Кыргызстанга расмий сапары болуп өттү. Сапардын алкагында ал Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен жолукту.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты