ИИМ жарандарды улуттар аралык кастыкты козутуучу аракеттерден алыс болууга чакырды

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлиги жарандарды 9-май Жеңиш күнүнө карата өткөрүлчү иш-чараларда улуттар аралык кастыкты козутуучу аракеттерден алыс болууга чакырды.

ИИМ тараткан билдирүүдө 9-май Жеңиш күнүнө карата өткөрүлчү иш-чаралардын катышуучуларынын арасында чагымчылдык аракеттерди болтурбоо үчүн Украина менен Орусиянын ортосундагы согушка байланыштуу сүрөттөрдү, эмблемаларды, символикаларды колдонууга жана тагынып жүрүүгө жол берилбеси айтылат.

Маалыматка ылайык, ички иштер органдарынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы “Дордой”, “Ош”, “Орто-Сай”, “Аламүдүн” базарларынын жана соода  борборлорунун,  аскердик формаларды сатуучу же ижарага берүүчү дүкөндөрдүн сатуучуларына жана ээлерине, «Өлбөс полк-Кыргызстан» жөө жүрүшүнүн уюштуруучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүшүүдө. Ошондой эле бул багыттар боюнча  Интернет булактарында дагы мониторинг жүргүзүлүүдө.

ИИмдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тыюу салынган белгилери бар эмблемаларды чаптап алган үч фактыны аныктап, айдоочуларга эскертүү беришкен. Бул аракет үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 194-беренесинин 2-бөлүгү боюнча жоопкерчилик каралып, 5500 сом айып салынат.

ИИМ жарандарга улуттар аралык кастыкты козутууга жана чыр-чатактарга алып келүүчү ар-кандай символдорду тагынуудан баш тартууну сунуштап, аталган аракеттер үчүн мыйзамдарда жоопкерчилик каралганын эскертет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты