Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата2018-жыл түрк тилдүү өлкөлөрдө  Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланган. Жылдын расмий ачылышы Түркиянын Анкара, Стамбул, Костомону жана Бурса шаарларында өттү. Ага КР Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов жетектеген маданият кызматкерлери катышты.

Кыргыз Республикасынын  чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде  жана башкы консулдуктарда көргөзмөлөр, талкуулар ж.б. иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

2018-жылдын 4-7-октябрында “Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары” аталышында эл аралык Ысык-Көл  форуму өтөт.  Ага кыркка жакын мамлекеттен белгилүү  интеллектуалдар, маданий ишмерлер катышат.

2018-жылдын октябрь айынын экинчи декадасында «Айтматов жана театр» эл аралык театралдык фестивалы өтөт. Эл аралык фестивалда  Айтматовдун чагармаларынын негизинде коюлган спектаклдер бир канча  мамлекеттин чыгармачыл жамааттарынын катышуусу менен ишке ашат.

Ошондой эле Ч. Айтматовдун айкели Москва шаарында тургузулат. КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан Москва шаарында Айтматовдун эстелигин тургузуу боюнча иштер башталды. Айкелдин эскизи тендер аркылуу тандалды, учурда тиешелүү укуктук-ченемдик документтер пакети  даярдалып жатат.

Кыргызстанда Чынгыз Айтматовдун чыгармаларында  жазылган жерлер боюнча төрт туристтик маршрут жана    “Чыңгыз Айтматовдун жолу менен” маданий- агартуучу туру иштелип чыкты.

Талас облусундагы Шекер айылында «Чыңгыз Ордо» маданий-тарыхый мемориалдык музей комплексин  куруу боюнча аракеттер жүрүүдө. Маданий-тарыхый мемориалдык музей комплексин куруу үчүн 15 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан маданий-тарыхый мемориалдык музей комплексин куруу боюнча сынак жарыялап, комплекстин эскизи тандалды.

КР  Улуттук Илимдер академиясы тарабынан «Ч. Айтматовдун толукталган энциклопедиясы» III томдугу, жыйнактарынын топтомунун орус  тилинде 10 томдугу, Ч.Айтматовдун жыйнактарынын топтомун кыргыз тилинде 10 томдук китебин жана башка китептерди   аудио дисктери менен кошо басып чыгаруу иштери жүрүп жатат.

Ч. Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында “Ак кеме” повестинин негизинде көркөм тасма тартылат. Режиссеру  КР эл артисти  А.Сүйүндүков.  Учурда   тасманы биргелешип тартууга чет элдик кинокомпаниялар кызыгуусун билдирүүдө.

“Айтматовсуз дүйнөбүз” аттуу даректүү тасма тартылып жатат. Режиссеру КР Эл артисти Б.Карагулов. Казан (Татарстан) шаарында тартуу иштери жүргүзүлдү.

“Ысык-Көл форуму” аттуу кыска метраждуу даректүү тасманы өндүрүшкө киргизүү иштерине даярдыктар жүрүүдө.

Жыл башында Ч.Айтматовдун чыгармаларнын негизинде тартылган “Ак кеме”, “Саманчынын жолу”, “Биринчи мугалим”, “Аптап” аттуу көркөм  тасмалар санариптелип англис тилиндеги субтитрлер менен  чет мамлекеттердеги  элчиликтерге, башкы консулдуктарга  Ч.Айтматовдун 90 жылдыгынын  алкагында көргөзүү үчүн  берилди.

Байге фонду 800 мин сомду түзгөн  Чынгыз Айтматов өмүрү жана чыгармачылыгына карата республикалык сынак жарыяланды. Сынак МКИТ, КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана КР   Жазуучулар союзу менен биргеликте өткөрүлөт.

КР  Улуттук банкы тарабынан Ч. Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата жез никелден монета дайындоо үчүн эскизи иштелип жатат.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги  тарабынан Ч. Айтматовдун айкели түшүрүлгөн сувенир даярдоо боюнча тендер жарыяланып, жеңүүчү тандалган. Учурда  сувенирди даярдоо иштери башталды.

Маданият үйлөрүндө, китепканаларда билим берүү мекемелеринде жолугушуулар, эскерүү кечелери, көргөзмөлөр республиканын бардык аймагында өткөрүлүп аткан учур.

Эске салсак,  Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча иш чаралар КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазивдин көзөмөлү менен ишке ашууда.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты