Лейлекте селдин кесепеттерин жоюу

Лейлекте селдин кесепеттерин жоюуЛейлектеги селдин кесепетин жоюу иштерин Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жетекчилик кылып, бүгүн, 11-юнда иш-чаралар улантылууда. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, 9-июнда саат 16:10 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак жана Ак-Суу айыл аймактарында сел жүргөн.

Жалпы район боюнча 16 турак үйгө, балдар бакчасына сел суусу кирип, 112 турак үйдүн жер тилкелерин, 27 чакырым ички чарбалык жолдорду, 6 көпүрөнү сел суулары каптаган. Ошондой эле 21 баш ири мүйүздүү малды суу агызып кеткен.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга  министр Нурболот Мирзахмедов өзү жетекчилик кылып жатат. 10-июнда тартылган күч жана каражаттардын жардамында Кара-Суу айылындагы балдар бакчасы, турак үйлөр тазаланган. Исфана-Андарак-Көк-Таш ички чарбалык унаа жолу тазаланып, жол каттамы бир тараптуу ачылган. Ал эми РЭТ ишканасынын кызматкерлери тарабынан Кара-Суу айылында 2  электр мамычасы орнотулуп, электр энергиясы калыбына келтирилген. Лейлекте Өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Кеч киргендигине байланыштуу саат 19:30да селдин кесепеттерин жоюу иштери убактылуу токтотулуп, куткаруучулар Катраң айылындагы чайканада түнөп калышты. Бүгүн, 11-июнда иш-чаралар улантылууда.

Өзгөчө кырдаалдар министринин  буйругу менен селдин кесепетинен жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүүгө жана турак жайлары жабыркаган жарандарды чатырларга жайгаштыруу максатында КР ӨКМ тарабынан 10 орундуу 8 даана чатыр, 76 даана шейшеп ж.б. керектүү буюмдар Лейлек районуна жеткирилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты