Циндао декларациясына кол коюлду 

Циндао декларациясына кол коюлду 

Президент Сооронбай Жээнбеков  10-июнда Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышкандан кийин Бишкек шаарына кайтып келди.

Саммиттин жыйынтыгы менен  бир катар биргелешкен документтерге, анын ичинде Циндао декларациясына кол коюлду.

ШКУнун төрагалыгы Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына өттү. ШКУнун кийинки саммити 2019-жылы Бишкекте өтөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУнун саммитинин алкагында Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Монголиянын Президенти  Халтмаагийн  Баттулга жана  Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту.

Сапар аяктап, Бишкекке учаар алдында Президент Сооронбай Жээнбеков   самолеттун бортунда аны Кытайга болгон сапарында коштоп жүргөн  журналисттер менен аңгемелешти.

«Мен сапардын жыйынтыктарына канааттандым. 2019-жылы биз сиздер менен бирге ШКУнун саммитинин катышуучуларын тосуп алабыз», — деп Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУдагы төрагалык Кытайдан Кыргызстанга өткөндүгүн эске салды.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы менен төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Циндао декларациясы.
  2. ШКУга мүчө мамлекеттердин узак мөөнөттүү жакшы кошуналык, достук жана кызматташуу тууралуу Макулдашуусунун жоболорун аткаруунун 2018-2022-жылдарга карата иш аракеттер планын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.
  3. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы туруу кызматташтыгынын 2019-2021-жылдарга карата Программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.
  4. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2018-2023- жылдарга карата Баңги заттарга каршы стратегиясын жана аны аткаруу аракеттери жөнүндө Программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.
  5. Шанхай кызматташтык уюмунун психотроптук жана баңги заттарын ашыкча колдонуунун алдын- алуу боюнча Концепциясын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.
  6. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугу боюнча кызматташуу Программасынын долбоорун иштеп чыгуу тууралуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.
  7. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин айлана чөйрөнү коргоо тармагында кызматташуу Концепциясын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.
  8. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жаштарга биргелешкен кайрылуусунун жоболорунун аткарылышы боюнча аракеттер Программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.
  9. Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү туурасында Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын Докладын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.
  10. Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү туурасында докладын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.
  11. Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол коюу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими. (2018-2022-жж.).
  12. Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы туурасында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.
  13. Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.
  14. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жаштарга биргелешкен кайрылуусу (кол коюусуз кабыл алынат)
  15. Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында эпидемия коркунучтарына биргеликте каршы туруу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын билдирүүсү (кол коюусуз кабыл алынат).
  16. Соода жол жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын билдирүүсү (кол коюусуз кабыл алынат).
  17. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы туурасында маалыматтык билдирүү (кол коюусуз кабыл алынат).

Мындан тышкары  Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы экономика жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрликтеринин ортосунда Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында кичи, чакан жана орто ишкердик тармагында стимул берүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.
  2. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын ортосунда озон катмарын бузган заттарды трансчекаралык ташуулар жөнүндө маалымат алмашуусу тууралуу Меморандум.
  3. CENcomm RILO-МОСКВА оперативдүү каналы платформасын колдонуу менен ишке ашырып жаткан байланыш пункттарынын күнү түнү өз ара маалыматтык көмөктөшүү регламенти.
  4. 2019-2020-жылдары туризм тармагында кызматташуу боюнча программаны  ишке ашыруу  тууралуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биргелешип аракеттенүү Планы.
  5. Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум. (2018-2022 жылдар).

Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат бөлүмү кабарлады.

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты