Отунбаева: Кыз ала качууга аялдар да күнөөлүү

Отунбаева: Кыз ала качууга аялдар да күнөөлүүБишкекте 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын окуясына байланыштуу акцияда экс-президент сөз сүйлөдү. Анда Отунбаева ала качып барган үй-бүлөдө кызды отургузууга аракет кылган аялдарга кайрылды.

— Аялдар, мен силерге кайрылат элем. Айылдагы эже-сиңдилер силерде да күнөө бар. Ушундай татынакай кыздардын кетип жатканына күнөөлүүсүңөр. Эмнеге карап отурабыз ушундай болуп жатса. Эркектерде күнөө бар. Кыргызстандагы аялдарды тең көрбөйсүңөр. Ансыз да силерге тийбей калды кыргыз кыздары, — деди Отунбаева.

Бүгүнкү акцияга коомдук уюмдун өкүлдөрү, жарандык активисттер, белгилүү чыгармачыл адамдар катышууда. Акцияга келген жүздөй адам Уркуя Салиеванын эстелигинен Ак үйгө чейин жөө жүрүш кылышты.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты