УКМК «Тажикстан Түркиядан «Байрактарды» сатып алды» деген маалымат такталбаганын билдирди

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Тажикстан Түркияда өндүрүлгөн “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алганы тууралуу маалымат такталбаганын маалымдады.

«Тажик тарап түркиялык “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алганы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан маалыматтын алкагында алынган ишенимдүү маалыматтарга караганда, тажик тарап “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарды чыгаруучу “Байкар Макина” компаниясы жана башка түркиялык өндүрүүчүлөр менен учкучсуз учуучу учактарды сатып алуу боюнча келишим түзбөгөндүгүн маалымдайбыз», — деп айтылат атайын кызмат тараткан билдирүүдө.

УКМК Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн бардык күч-аракетин жумшап, тынчтык жана коңшулук саясатын жүргүзүп жатканын белгилеп, «Байрактар» учкучсуз учуучу учактарын Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азия мамлекеттерине террордук жана диний-экстремисттик коркунуч жогору болуп жаткандыгынан улам коргонуу максатында гана алганын кошумчалады. Билдирүүдө кыргыз тарап коңшу мамлекеттерге карата агрессивдүү саясатты эч качан карманбаганын жана карманбары белгиленген.

Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз тарап Түркиядан “Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учактарын коңшу мамлекеттерге сатпоону суранганын билдирген. Кулубаев Тажикстан дагы “Байрактарды” сатып алганы жөнүндө маалыматты чын экенин айткан болчу.

Өткөн жылы декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматына «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттары тапшырылган. Жакында эле Тажикстан Түркиядан «Байрактарды” сатып алары тууралуу маалымат тараган. Бирок Тажикстандын расмий органдары бул боюнча маалымат тарата элек.

“Байрактар” – чалгын жана сокку уруу максатында колдонулуучу, орто бийиктикте, узак убакыт уча ала турган учкучсуз аппарат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты