Бишкектеги “Рухий Мурас” конушунда мектептин курулушу башталды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде Бишкектин “Рухий Мурас” конушундагы мектептин жаңы имаратын куруу үчүн капсула салды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчысы билдиргендей, долбоордун сметалык баасы 200 млн сомду түзөт. Мектеп үч кабаттан туруп, спортзал, жыйындар залы, ашкана, китепканасы жана окуу залы болот. Ошондой эле химия, физика боюнча лабораториялар дагы салынат. Жертөлөдө көркөм искусство кружоктору үчүн бөлмөлөр даярдалат.

«Рухий Мурас» конушу 2005-жылы негизделген. Учурда конушта 7 миңге чукул адам жашайт жана орто эсеп менен 1350 орундуу мектепке муктаждык бар. Буга чейин аталган конуштагы балдар шаардын башка аймактарына барып окуп келишкен.

“Бүгүн биз дал ушул маселени чечели деп келип олтурабыз. Бул иш-чара сиздер үчүн да, биз үчүн да, албетте, чоң кубаныч. Биринчиден, балдарыбыз үчүн шарт түзүлүп жатат. Буюрса, мындан ары балдардын баары өзүңүздөрдүн мектептен билим алып калышат. Убаракерчилик жоюлуп, жол киреге кеткен каражат да үнөмдөлөт. Мына, Бишкек мэриясы күзгө чейин бүтүрүүгө бардык аракеттерди жумшайбыз деп убадасын берип жатат, курулушту өзүм да көзөмөлгө алам”, — деди  Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда мектеп тартыштыгы курч экенин белгиледи.

Бишкек шаарынын өзүндө эле жеке мектептерди кошпогондо 177 миң  окуучу бар. Борбор калаада каттоодон өткөн калктын саны 2022-жылдын 1-январына карата 1 млн 74 миң адамды түздү. Ал эми Бишкектин айланасындагы 47 жаңы конушту эске алганда балдардын саны мектептеги орундардан эки-үч эсеге көп. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты