УКМК: Сокулук РИИБинин эки кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

  • 2 года мурун

Сокулук райондук милициясынын тергөөчүсү жана ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКга А.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Сокулук райондук ИИБинин кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 50 000 сом талап кылып жатканын айткан.

Атайын кызматтан билдиришкендей, ушул жылдын апрель айында Сокулук РИИБине А.Ж.нын үстүнөн уурулук фактысы боюнча арыз келип түшкөн. Аны кароонун жыйынтыгында кылмыштын курамы жок экени аныкталган. Бирок Сокулук районунун милиция кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн ар кандай шылтоолорду айтып 50 миң сом талап кылышкан.

28-апрелде ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сокулук РИИБнын тергөөчүсү, милициянын лейтенанты М.Э. 10 миң сом акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты