Акын Зайырбек Ажыматовдун эстелиги орнотулду

  • 2 года мурун

Бүгүн, 29-апрелде Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүндө белгилүү акын, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматовдун эстелиги орнотулду. Маркумду эскерүүгө бийлик жана коомчулук өкүлдөрү, жакындары катышты.

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак- Жол айылында туулган.

Журналисттик эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс», «Жаңы Агым» гезиттеринде, КТРКнын радио берүүлөрүндө, «Азаттык» радиосунда эмгектенген.

Акындын калеминен «Жалгыздык» (1996-ж), «Мелмил» (2005-ж), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн. Бир нече ырларына обончу-композиторлор обон жаратып эл арасында белгилүү болуп ырдалып калды. Анын чыгармачылыгында Ата мекенди сүйүү, мекенчилдик дух, жарандык бийик сезим, көтөрүңкү маанай өзгөчө орунду ээлейт.

Акындын адабий чыгармачыл ишмердүүлүгү жогору бааланып, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун басма сөз сыйлыгынын лауреаты болгон. 2019-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери ардактуу наамы ыйгарылган.

Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 28-апрелде 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Акын каза болгондон кийин “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду жана “РухЭш” сайты Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыкты негиздеген. Сыйлык жыл сайын маркумдун туулган күнү – 27-майда 35 жашка чейинки жаштар арасынан тандалып алынган бир акынга ыйгарылат. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты