Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командага арналган спортзалдын курулушу башталды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарында салына турчу Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын спортзалыныны курулушан капсула салды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорго ылайык, спортчулардын карамагында 1875,2 чарчы метр аянтта күрөш залдары, 16 орундуу ашканасы жана башкалар бар.

Долбоордун сметалык баасы 98677,22 миң сом, тендердик баасы 81573,98 миң сом. Учурда мекемеде спорт залдын имаратын куруу үчүн пайдубал чуңкуру 100%га казылды. 

Андан соң мамлекет башчысы “Жаштык” спорт комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышып, балдардын машыгуу шартын көрүп, комплексти капиталдык оңдоого бюджеттен 20 миллион сом бөлүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты