Сооронбай Жээнбековдун Кытай сапары

Сооронбай Жээнбековдун Кытай сапары
Бүгүн, 8-июнда, Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга мамлекеттик алгачкы сапары аяктайт. Президент 6-8-июнда Кытайда мамлекеттик сапар менен жүрүүдө.

Бээжинден “Манасты” көрдү
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматтарына таянсак, бүгүн, 8-июнда Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы Пекиндеги «Тяньцао»  аткаруучулук көркөм өнөр борборунан кытай тилинде «Манас» операсын көрдү.
Опера башталганга чейин Президент Сооронбай Жээнбековдун КЭР маданият жана туризм министри  Ло Шуган менен кыска жолугушуусу өттү. Министр операны даярдоонун жүрүшү тууралуу айтып берди, ошондой эле эки өлкөнүн маданият чөйрөсүндөгү мамилелерин тереңдетүү боюнча пикирлешишти.
Опера аяктаган соң Сооронбай Жээнбеков көрүүчүлөрдүн алдында сүйлөп, кыргыз элинин жана өз атынан артисттерге жана операны коюуга катышкандардын баарына бул мыкты көркөм чыгарманы жаратканы жана аткаруучулук чеберчиликтери үчүн ыраазычылык билдирди.
«Улуу жазуучу Чынгыз Айтматов айткандай, „Манас“ эпосу — кыргыз рухунун туу чокусу. Биз бүгүн бул операны зор сыймык жана кубаныч менен көрдүк. „Манас“ операсын коюу — бул Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандын маданиятына болгон урмат-сыйынын эң жогорку көрсөткүчү», — деп баса белгиледи мамлекет башчы.
Ал КЭР Төрагасы Си Цзиньпин «Манас» эпосу жөнүндө дүйнөдөгү эң ири эпостордун бири катары ар дайым өзгөчө жылуу пикирин айтат жана Кытайдагы улуттук азчылыктардын маданиятын өнүктүрүүнү колдойт деп белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков артисттерди жана «Манас» операсын коюучуларды Кыргызстанга гастролго чакырды.
Кыргызстандын Президенти, КЭРге мамлекеттик визитте аны коштоп жүрүшкөн делегация мүчөлөрү, кытайлык көрүүчүлөр, ошондой эле Кытайда билим алып жатышкан кыргызстандык студенттер келип көрүшкөн  «Манас» операсы аншлаг менен өттү.

Маалымат иретинде:
КЭР Маданият жана туризм министрлиги менен Кытай борбордук опера институту «Манас» эпосу боюнча опера коюуну уюштуруу менен 2 жыл алек болушту. Сценарий Жусуп Мамайдын вариантындагы эпостун негизинде жазылган, аны кытай тилине Кытайда жашаган филология илимдеринин доктору, профессор Адыл Жуматурду которгон.
Опера 2017-жылдын сентябрынан 2018-жылдын май айына чейин Пекинде жана Кытайдын ар кайсы шаарларында 9 жолу коюлган. Ага  кытай мамлекеттик театрларынын 200дөн ашуун артисттери катышат. Артисттер жана операны коюучулар кыргыздардын турмушунун өзгөчөлүгүн, маданиятын жана тарыхын өздөрү сезүү үчүн Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна бир нече жолу барышкан.
Кытай сепилине сейилдеди
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков КЭРге мамлекеттик визитинин алкагында Кытай Эл Республикасынын ажайып жайларына барды.
Мамлекет башчысы «Тыюу салынган шаарга» барып, ардактуу коноктор үчүн Китепте жазуу калтырды. Ошондой эле ал кыска экскурсия жасап, Улуу Кытай дубалына барды жана ардактуу коноктор үчүн Китепте дос Кытай өлкөсүнө тынчтык жана бакубатчылык каалаган жазуу калтырды.

Жол чарба компания өкүлдөрү менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Президентти Сооронбай Жээнбеков 7-июнда «Кытай темир жол куруу корпорациясы»  ЖЧКсынын (CRCC) жана «China Railway Group Co.Ltd» компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө транспорт тармагындагы өз ара пайдалуу кызматташуу маселелери талкууланды, ошондой эле транспорттук-транзиттик,  байланыш системаларын куруу демилгеси каралды.
«Кытай темир жол куруу корпорациясы» ЖЧКсы (CRCC) жана «China Railway Group Co.Ltd» компаниясынын өкүлдөрү өз компанияларынын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып беришти. Алар ошондой эле транспорт жана жол чарбачылыгы тармагында,  андан сырткары инфраструктуралык ири долбоорлорду ишке ашыруу жаатында  Кыргызстандагы компаниялар менен кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.
Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Кэцян менен жолугушту
Сооронбай Жээнбеков 7-июнда Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян менен жолугушту. Ли Кэцян 2016-жылдагы Кыргызстанга өзүнүн сапарын эскерди.
КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Кытай сыяктуу эле Кыргызстан да эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн аракеттерди көрүп жатканын канаттануу менен белгиледи. Ал «Бир алкак — бир жол» программасына жана Кыргызстандын өнүгүү стратегиясына ылайык Кытай тарап Кыргызстан менен болгон мамилелерди бекемдөөнү каалай турганын баса белгиледи.
Мындан тышкары, Ли Кэцян Кыргызстандан экологиялык жактан таза сапаттуу айыл чарба продукцияларды экспорттоого Кытай кызыкдар экенин белгиледи.
КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери ошондой эле бүгүнкү күндө Кытайда электромобилдерди өндүрүү динамикалуу өнүгүп жатканын да белгиледи. Кытай тарап бул жаатта, ошондой эле саламаттык сактоо, туризм жана калкты таза суу менен камсыз кылуу чөйрөлөрүндө кызматташууну жолго салууга даяр.
Ли Кэцян Президент Сооронбай Жээнбеков айткан кызматташуунун бардык багыттары карала турганын айтып, эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маанилүү экенин кошумчалады.
Сооронбай Жээнбеков Ли Кэцян менен жолугушууга канааттанганын билдирип, анын Кытайга визити эки тараптуу кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк түзгөнүн баса белгиледи.
«Тяньцзин шаарында өткөн „Жайкы Давос-2016“ Дүйнөлүк форумунда жана 2016-жылдагы Сиздин Кыргызстанга расмий визитиңиздин жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Сиз менен жолугушууларды жылуу сезимдер менен эскерем», — деп белгиледи мамлекет башчы С. Жээнбеков.
Жолугушууда ошондой эле бир катар өз ара пайдалуу жана болочоктуу багыттарда эки тараптуу алакаларды тереңдетүүгө байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсү да талкууланды. Тактап айтканда, энергетика, транспорт, билим берүү, илим, маданият, айыл чарбасы, туризм, инфраструктуралык долбоорду өнүктүрүү.

Си Цинпинь менен сүйлөшүүлөр
Буга чейин, 6-июнда , Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясын Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзинпинь адаттагыдай эле жылуу кабыл алды жана Жээнбековдун жетекчилиги алдындагы Кыргызстандан саясатын мындан ары да колдоону билдирди.
Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын олуттуу маселелери, ар кыл чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жана бардык багыттар боюнча өз ара аракеттешүүнү мындан ары өркүндөтүүнүн келечеги талкууланды.
Си Цзиньпин Сооронбай Жээнбеков менен жылуу учурашып, Кыргызстан менен өз ара мамилелерди тереңдетүүгө Кытай кызыкдар экенин белгиледи.
«Биз жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүнү, биздин ар тараптуу өз ара аракеттешүүбүз үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү жактайбыз. Мен биздин мамилелердин келечегине оптимизм менен карайм жана кылымдардан берки достуктун духунда биздин элдер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даярбыз», — деп белгиледи Си Цзиньпин.
Президент Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирди жана ал менен алгачкы жолугушуп жатканына кубанычта экенин белгиледи.
« Бул менин Кыргыз Республикасынын Президенти катары Кытайга биринчи визитим. Менин Кытайга мамлекеттик визитим  биздин тышкы саясатыбыздын багыты өзгөрүлбөстүгүнүн далили болуп саналат», — деп баса белгиледи  Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков Төрага Си Цзиньпин менен биргелешкен аракеттер кыргыз-кытай мамилелерин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине көтөрүп,  өз ара аракеттешүү тарыхында жаңы барак ачаарына ишеним билдирди.
«Дүйнөлүк жана регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелери Кыргызстандын жана Кытайдын тышкы саясатынын салттуу негизги артыкчылыктарынын бири бойдон калууда. Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү көптөгөн олуттуу маселелер боюнча биздин бирдиктүү көз карашыбыз мамлекеттерибиз ортосундагы эки тараптуу өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү жана активдештирүү үчүн мыкты негиз түзөт, — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. — Кыргызстан биздин өлкөлөр ортосундагы мурда жетишилген бардык макулдашуулардын жана келишимдердин принциптерин, ченемдерин жана жоболорун карманат. Биздин өлкөбүз Кытай үчүн дос, ишенимдүү, так божомолдуу өнөктөш болгон, азыр да ошондой жана мындан ары да ошол бойдон калат».
Азыркы “жашыл экономикага” өтүү тенденциялары жөнүндө айтып,  Президент Сооронбай Жээнбеков кытай тарапка Кыргызстанда электромобилдерди чыгаруу боюнча биргелешкен заводду ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылды.
«Биздин өлкөбүз кытай электромобилдерин чыгаруу жана Борбор Азия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо үчүн плацдарм болуп бермек. Сиздин “Бир алкак – бир жол” демилгеңиздин алкагында аны ишке ашырууга мүмкүн экенин эске алганда биздин ортобуздагы кызматташуунун бул багытын келечектүү багыт деп эсептейм», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Кытай ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарынын бири экенин жана ыңгайлуу саясий фон экенин белгиледи.
Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков билим берүү тармагында кызматташуу маданий-гуманитардык чөйрөдөгү өз ара аракеттешүүнүн маанилүү бөлүгү экенин баса белгиледи. Мамлекет башчы Кытайдын жогорку окуу жайларында окууга студенттер үчүн квотаны көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү өтүнүчүн айтты.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдагы улуттук азчылыктардын маданиятын өнүктүрүү боюнча көрсөтүлүп жаткан колдоо жана аткарылып жаткан иштер үчүн, тактап айтканда, залкар манасчы Жусуп Мамайдын “Манас” эпосу китебинин варианты боюнча кытай тилинде опера койгону үчүн, кытай тарапка ыраазычылык билдирди. Ал мамлекеттик визит аяктагандан кийин бул операга бара турганын кошумчалады.
Жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков Төрага Си Цзиньпинди 2019-жылы өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Саммитинин алдында Кыргыз Республикасына жооп иретинде мамлекеттик визит менен Кыргызстанга чакырды.
Мамлекеттик сапардын алкагында Кытайда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Биргелешкен декларацияга кол коюлду

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты