12 жашар кызды сабаган окуучунун ата-энесине айып салынды

  • 2 года мурун

Бишкектеги №6 кичи райондогу сейил бакта 4-класстын окуучусу экинчисин сабап жаткан видео Интернетте тараган. Бул боюнча сабаган кыздын ата-энесине айыппул салынганын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Октябрь райондук ИИБ басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 18-октябрда болжол менен саат 23:15те 2010-жылы туулган Ж.М. жаракат алып, №3 балдар ооруканасына түшкөндүгү кабарланган. Териштирүүдө аны 4-класстын окуучусу сабаганы маалым болгон.
Ж. М. аттуу кыздын ата-энеси кызынын сабалгандыгы боюнча арыз менен милицияга кайрылган.
Бул факт Октябрь райондук ИИБде катталып, экспертиза дайындалган.

Милицияга 2011-жылы туулган кызды сабады деген Ч. А. апасы менен чакырылган.
Мындай көрүнүштөрдү кайталабоо тууралуу сүйлөшүү болуп, кыздын ата-энесине 1000 сом айып салынган.

Факт милицияда катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 4-класстын окуучусунун ата-энесине кылмыш-жаза кодексинин 102-беренеси («Ата-энелик милдеттерин аткаруудан качуу») менен протокол түзүлүп, миң сом айыппул салынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты