Равшан Жээнбеков коррупцияга каршы сот түзүүнү сунуш кылды

Равшан Жээнбеков коррупцияга каршы сот түзүүнү сунуш кылды

Саясатчы Равшан Жээнбеков Коррупцияга каршы тергөө, Коррупцияга каршы сот түзүунү сунуш кылды. Бул тууралуу саясатчы ПолитКлиникага билдирди. Анын айтымында, учурда буга муктаждык коомчулукта пайда болуп турат.

«Коррупцияга каршы тергөө, коррупцияга каршы сот түзүү зарыл. Күнөөлүүгө дагы, күнөөсүзгө дагы адилеттүү сот маанилүү. Күнөөсүз адам түрмөгө отургуча, күнөөлүү адам камалбай калсын… Бул талкуу жаратчу, эл аралык юридикалык, пикир. Атамбаевке кызмат кылган КГБ эми Атамбаевдин тегерегиндегилерди камоодо. Атамбаевке кызмат кылган соттор эми Атамбаевдин тегерегин соттойт. Бул институционалдык деградация, конфликт!Менимче, бул туңгуюктан чыгуу, адилеттүү тергөө, адилеттүү жана ачык сот болушу үчүн, биз Коррупцияга каршы тергөө жана Коррупцияга каршы сот тузушубуз керек» дейт Равшан Жээнбеков.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты