Айнаш Токбаева, Жогорку сот төрайымы: “Бир судья жылына 65-70 иш карап, иштин сапатына доо кетүүдө”

Айнаш Токбаева, Жогорку сот төрайымы: “Бир судья жылына 65-70 иш карап, иштин сапатына доо кетүүдө”Бул тууралуу Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева Жогорку Кеңеште соттун 2017-жылдагы иши боюнча ар жылдык маалымат угулуп жатканда билдирди. Жыйынга сот өкүлдөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Айнаш Токбаева сот адилеттигин ишке ашыруу максатында Жогорку сот тарабынан бир катар негизги багыттар аныкталып, алар боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөнүн, анын ичинен сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу башкы милдеттердин бири болуп санала турганын билдирди.

“Бир судья ар жылда орто эсеп менен 65-70 иш карайт. Бул көрсөткүч өтө көптүк кылат. Ошондон улам, алар караган иштердин сапатына доо кетүүдө. Судьялардын штаттык бирдигин көбөйтүү зарыл”, — деди ал.

Ал бирдиктүү соттук практика сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга түздөн-түз өз таасирин тийгизерин белгиледи.

“Бирдиктүү соттук практиканы түзүү максатында заманбап технологиялар колдонулууда. Облустук сотторго видео-конференц байланыш тутумдары орнотулуп, онлайн режимде жергиликтүү соттордун судьялары менен соттук практикада пайда болгон маселелер талкууланып, мыйзамды туура колдонуу жолдору түшүндүрүлүүдө” деди Айнаш Токбаева.

Маалым болгондой, Жогорку сот тарабынан жергиликтүү соттордун судьяларынын ишмердүүлүгүнүн сапаты менен натыйжалуулугун баалоо усулу иштелип чыккан. Ага ылайык, баардык каралган иштердин сапаты жана алардын мыйзамда белгиленген мөөнөттө каралуусу ар квартал сайын бааланат. Мындай усул судьялардын жоопкерчилигинин артышына, сот адилеттигин ишке ашыруу чараларынын сапатынын жакшыруусуна, алардын адистик деӊгээлинин жогорулашына өбөлгө түзөт.

Сот тутумунун дагы бир артыкчылыктуу багыттарынын бири катары Жогорку сот тарабынан электрондук сот өндүрүшүн киргизүү аныкталган. Бул багытта донорлордун жардамы менен бир катар иштер жүргүзүлүп, тандалып алынган үч  сотто автоматташтырылган маалымат тутуму же электрондук сот өндүрүш тутуму ишке киргизилүүдө. Жакын арада мындай усулдар Бишкек шаарынын биринчи баскычтагы сотторунун баарына киргизүү каралып жатканы белгилүү болду.

2017-жылдагы иши боюнча Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын маалыматын эске алуу жөнүндө Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты