КТРК Байкоочу кеңеши Жогорку Кеңеште отчет берди

КТРК Байкоочу кеңеши Жогорку Кеңеште отчет берди6-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2017-жылдагы иши жөнүндө Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету угулду. Жыйынга КТРК жетекчилиги менен анын Байкоочу кеӊешинин мүчөлөрүнөн тышкары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

КТРКнын Байкоочу кеӊешинин төрагасы Жыпар Жекшеевдин маалыматы боюнча мыйзам талабына ылайык Байкоочу кеӊеш жыл ичинде 4 жолу жыйын өткөрүүгө тийиш, бирок айрым бир муктаждыктарга байланыштуу 2017-жылы 13 кезектеги жана кезексиз жыйын өткөрүүгө туура келгенин белгиледи. «Байкоочу кеӊештин жыйындарында негизинен КТРКнын контентин жакшыртуу, санариптик көрсөтүүгө өтүүгө даярдык көрүү маселелери, материалдык-техникалык абалды жакшыртуу чаралары, каржылык-чарбачылык иштери сындуу кечиктирилгис маселелер каралды», — деди ал.

Суроо-жооп маалында КТРКнын директору И.Карыпбеков депутат Умбеталы Кыдыралиевдин суроосуна жооп берип жатып, КТРК жөнүндө мыйзам чийки экенин, анда КТРКнын көз карандысыз иш алпаруу маселесин киргизүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле бир катар эл өкүлдөрү тарабынан Өзбекстан менен чектеш бир топ айылдарда КТРК тартпай жатканы көтөрүлдү. Буга сигнал берүүчү мамлекеттик мекемелер жооптуу экени белгилүү болду. Депутат Калдарбек Баймуратов региондордо кайракы жерлерди сугатка айлантуу сыяктуу бир топ алгылыктуу иштер жүрүп жатканын белгилеп: “Тилекке каршы, мындай саамалыктар коомдук каналда чагылдырылбай калып жатат”,- дейт.

КТРКнын “Баластан” каналында кыргызча мультфильмдер жоктугу жөнүндө сын-пикир боюнча өлкөдө кыргызча мультфильмдерди тартуу кымбатка тургандыктан тартылбай жатканы айтылып, көбүнесе интернеттен алынып жатканы белгилүү болду.

Талкуунун жүрүшүндө балдарды, жаштарды туура жолго салуу багытына каршы келген мультфильмдер менен кинофильмдерге жол бербөө боюнча сунуш-пикирлер айтылды. Ошону менен катар коомдук телеканалда кеткен материалдарда кыргыз тилинин туура сүйлөнүшүнө, колдонулушуна көңүл буруу зарылдыгы белгиленди. Мындан сырткары, КТРКга бөлүнгөн каражатка Эсеп палатасы талдоо жүргүзүлүшү керектиги боюнча сунуш берилди.

Жыйынтыгында депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен КТРКнын 2017-жылдагы иши жөнүндө КТРК Байкоочу кеңешинин отчетун эске алуу боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты