Эртең Бишкекте бош иш орундарынын жарманкеси өтөт

  • 2 года мурун

Эртең, 27-апрелде саат 10:00дө Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында жумуш издегендер, жогорку окуу жайларынын жана профессионалдык лицейлердин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү үчүн бош жумуш орундарынын жарманкеси өтөт.

Жарманкеге 2000ден ашуун жумуш орундарын сунуштай турган өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттык сактоо тармактарынан 50 ири компания катышып, жалпысынан 6 миңден ашуун бош жумуш орундары сунушталат.

Иш-чаранын жүрүшүндө иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен консультацияларды жана экспресс интервьюларды өткөрөт. Ошондой эле катышуучуларга резюме даярдоо жана басып чыгаруу кызматтары көрсөтүлөт.

Жарманкенин жүрүшүндө ишкерлер, HR менеджерлери жумуш издөөчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу максатында ар кандай темада мастер-класстарды өткөрүшөт.

Иш-чара Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы, ЖИА Бизнес Ассоциациясы, Германиянын өкмөтүнүн тапшырмасы менен, Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германиянын эл аралык кызматташтык коому) тарабынан ишке ашырылган «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү» долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.

Жарманкеге катышуу акысыз.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты