Ак-Сууда жергиликтүү тургундун үйүнөн ак илбирстин териси жана баш сөөгү табылды

  • 2 года мурун

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн ак илбирстин териси жана баш сөөгү табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Милициядан билдиришкендей, Ак-Суу РИИБине жергиликтүү тургун үйүндө мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүү Ак-Суу районунун Теплоключенко айылынын 37 жаштагы тургуну Д.М. экени аныкталып, үйүн тинтүү учурунда ок атуучу курал-жарактар жана узундугу эки метрге жакын ак илбирстин териси менен баш сөөгү табылган.

Шектүү Д.М. тергөө кызматына берген көрсөтмөсүндө аталган жаныбарды таанышы атып, анын үйүндө убактылуу сактоого калтырып кеткенин билдирген. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө экинчи шектүү ошол эле райондун Ак-Булуң айылынын 48 жаштагы тургуну Б.Э. кармалган.

Б.Э сурак учурунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Кызыл китепке кирген жаныбарды сырт өрөөнүнөн атып келгенин көрсөткөн. Шектүүнүн үйүнөн тиешелүү уруксат документтери жок ок атуучу курал-жарак табылган.

Азыркы учурда милиция тийиштүү экспертизаларды даярдап, тергөө амалдары уланууда.

Ак илбирс Кыргызстанда жоголуп бара жаткан жаныбарлардын тизмесинде кызыл китепке киргизилген.

Эл аралык уюмдардын эсебинде, жер бетинде 4000ден 7500дей гана илбирс жашайт. Бийик тоо, аска-зоону мекендеген жаныбар адам көзүнө сейрек чалдыгат. Соңку маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда илбирстин саны 300-500 чамалуу экени айтылат. Жаратылышты коргоонун эл аралык кеңеши 2040-жылга чейин илбирс тукуму 10% кыскарып кетиши мүмкүн экенин эскерткен.

Өкмөттүн 2013-жылдагы токтомуна ылайык, ак илбирсти атууга 1,5 млн. сом айып пул салынат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты