Киев кайрыктары (1-бөлүк)

Киев кайрыктары (1-бөлүк)Чет өлкөгө чыкканды аябай жакшы көрөм. Алдын-ала даярданып, элестетип, көп саат учуп… Мунун баары жагымдуу көз ирмемдер. Мындан үч жыл мурда чыккан экенмин башка жакка. Бул жолу Украинага сапар алдык. Украинадагы реформалар менен таанышуу максатында бардык. Бизде Украина дегенде башкача көз менен карашарын ушунда билдим. “Каякка баратасың?” деп сурагандарга “Украинага” деп жооп берсем эле “Ал жакта эмне бар сага? Согуш болуп жатпайбы? Сен америкачылсыңбы?” ж.б. окшош суроолор берилди. Дароо эле жооп айткым келет баарына. Мен америкачыл да, орусиячыл дагы эмесмин. Мен кыргызстандыкмын, мекенчилмин, кайсы өлкө болбосун көрүп, алардын жакшы жактарын алып пайдалансак ашыкча болбойт деген ойдомун. Ошондуктан бул сапардан билип келгендерим тууралуу жазууну туура көрдүм. Бул жолкусу жөн гана “Жол дептер”. Мындан кийинки сандарда Украинада болуп жаткан реформалар тууралуу сөз болот.

Учак
Киев кайрыктары (1-бөлүк)Стамбул аркылуу учтук. Ал учакта Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган бир нече депутаттар тобу Иранга жол тартышкан экен. Төрага бизнес класста, калган депутаттар биз менен аралаш эконом класста.  Барганда Стамбулга чейин 6 саат учсаң, кайтканда 5 саат учат экенсиң. Кызык ээ. Бул жердин өз огунда айланганына каршы, анан ошол айланган багытта учканыңа жараша болот экен. Жолдо бир кыз жүргүнчүлөрдүн баарына эле “Бир пакет алып чыгып берип коюңузчу” деп суранып аткан. Менден дагы суранды эле Стамбулга чыкпай турганыбызды, кайра эле башка шаарга учаарыбызды айттым. Көп убакыт өтсө дагы баягы кыз кайра эле элден суранып жүргөнүн көрдүм да, “Бир дагы адам табылбай жатабы?” деп сурасам, “Жок, табылып жатат. Менде пакет көп да” деп жооп берди. “Ал пакетте эмне бар?” деп сурадым. “Тамеки” дейт. Көрсө, Тїркияда тамеки кымбат экен, анан дагы бир адам 5 блоктон ашык тамеки алып кире албайт экен. Ошондуктан бул кыз 5 блоктон көп пакеттерге бөлүп салып, баарына таратып жаткан тура. Ошентип Стамбулга Кыргызстандан пакет ала келип, жол кирелерин чыгарып алышат экен. “Ата-Түрк” аэропортуна конгондо жүргүнчүлөр кол чаап жиберишти. Бирок Киевге конгондо эмнегедир эч ким кол чапкан жок, кайра Бишкекке кайтып келип конгондо кайра кол чапкандарды көрдүм. Демек, Кыргызстандагы орун алган авиакырсыктан улам эл кооптонуп калган окшойт деп ойлоп койдум ичимден. Стамбулдун  аэропортундагы болуп өткөн теракттардан кийин, баары бир бир аз чочулайт экенсиң. Бирок турмуштун ыргагы баягыдай эле өтүп атат. Каттамын күткөн жүргүнчүлөр, шашып бараткандар, учуп бараткандар… Ошентип, биз ал күнү кечинде Киевге учуп жеттик. Стамбул менен Киевдин ортосу 2 сааттык жол экен. Бишкекте жумуш менен алпурушуп жүрүп кино көргөнгө деле убакыт жок, учактагы көп сааттык убакытты дал ушул боштукту толтурууга арнаганым өзүмө жакты. Барып келгичекти 4 кино көрдүм.

Киев
Киев таза, архитектурасы кооз шаар экен. Дүйнөдөгү эң узунКиев кайрыктары (1-бөлүк) дарыялардын бири болуп эсептелген Днепр дарыясы шаарды аралап өтөт. Дөңсөөлөр өтө көп, жөө басканда абдан кыйынчылыкты жаратат. Өзүлөрү көнүп калса керек, кыйналбай эле басышат экен. Тептегиз болгон Бишкекте карыш жерге баскандан эринген мага окшогондорго бир топ эле кыйын экен. Баса, шаар ичинде биздегидей маршруткалар жок. Метро, автобус, троллейбустар гана жүрөт. Машинелердин тыгыны аябай көп. Ошондуктан көпчүлүк метро менен кеткенди ыңгайлуу көрүшөт. Канчалык тыгын болбосун бири-бирине бипилдеткенин көрбөйсүң. Мен биринчи жолу метрого ушул жерде түштүм. Эскалатор менен аябай терең түшүп кетет экенсиң. Мен буга чейин көрбөгөндүктөн, метро деген ушундай болот экен деп ойлосом, башка жактын метросун көргөндөр айтат, “бир эле деңгээлге эскалатор менен түшөт башка шаарларда” деп. Киевдин метролорунда эки деңгээлге, айрым жерлерде үч деңгээлге эскалатор менен түшөт экенсиң. Жол кире 4 гривен, биздин акчага 11 сомдой болуп калат. Тамак-аштары, кийим-кече бизге караганда кымбатыраак экен. Бирок айлык-акылары көбүрөөк. Кытайдын товарлары ал жакта дагы аябай көп экен. Кытайдан сырткары, кийим-кече Тїркиядан, Бангладештен, Европадан келет. Шаарда көрнөк-жарнактары украинче гана жазылат, айрым жерлерде гана англисче жазууларды көрүүгө болот, бирок орусча жазууну табуу кыйын. Эли бири-бири менен өзүнүн гана тилинде сүйлөшөт, орусча сурасаң жооп бере алат, баары эле тилди билишет. Биздин Кыргызстанда орус тилин баары билгендей эле алар англис тилинде мыкты сүйлөшөт.

Шерик
Мейманканада мен беларустук журналист менен чогуу бир бөлмөдө жашап калдым. Дароо эле Бакиевди сурадым андан, кандай жашап жатат деп. Аябай эле жакшы жашап жатат, бизнестери дагы бар дейт. “Аялы бир мамлекеттик мейманканада иштейт экен, эмне жетпейт дейм да ага?” деп айтты. Аялын сулуулар сынагынан кийин сүйүп калып алганын дагы билишет экен. Көрсө, мындай нерсе аларга дагы жат эмес тура. Анткени Лукашенко дагы андай сынактарды калтырбай турганын айтты. Бул шеригимдин апасы украиналык болуп, Киевди аябай жакшы билет экен. Бул жагы мага пайда болду.  Расмий иш-чаралар бүткөндөн кийин мага Киевди тааныштырып жатты.

Алтын дарбаза
XI кылымдарда эски шаардын кире беришинде чоң дарбаза болгон экен, ал алтын жалатылган болгондуктан “Алтын дарбаза” аталып калган.  Ал учурда бул шаарда 30 миңдей адам жашачу экен. Азыр Киевде 30 миңге чукул калк жашайт. Кийинчерээк шаар абдан чоңоюп кетип, бул дарбаза азыр шаардын чок ортосунда болуп калган. Аны кийинкилер реставрациялап, оңдоп-түзөп коюшкан. “Алтын дарбаза” —  Киевдин символдорунун бири, келген туристтер сөзсүз түрдө бул дарбазаны көрүп кетишет.

Мышыктын эстелиги
Киев кайрыктары (1-бөлүк)Ошол эле “Алтын дарбазанын” жанында бир мышыкка эстелик коюлган. Анын тарыхы дагы кызык. Кайсы бир убакта Киевде бир кафеде өрт чыгат. Ал өрттө кафенин кожойкесинин мышыгы кошо өрттөнүп кетет. Мына ушул мышыкка арнап, анын кожойкеси эстелик тургузган экен. Биз аны карап турсак шаар тургундары басып келип, мышыктын куйругунан, башынан сылап өтүп жатышты. “Эмнеге сылап жатасыңар?” деп сурасам, “Ийгилик болсун деп!” деп жооп беришти…

“Көзү азиздин эстелиги”Киев кайрыктары (1-бөлүк)
Ушул жерден анча алыс эмес жерде советтик жазуучулар Илья Ильф менен Евгений Петровдун “Алтын музоо” чыгармасындагы негизги каармандардын бири Михаил Паниковскийге арналган эстелик бар. “Көзү азиздин эстелиги” деп дагы атап коюшат аны. Таягын кийин сындырып коюшкан экен. Мына ушул эстелик менен кошо сүрөткө дагы түшүп койдум.

Дилбар Алимова, Бишкек-Киев-Бишкек

(Уландысы кийинки санда)

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты