Казакстанда менингококк инфекциясы күч алды

Казакстанда менингококк инфекциясы күч алды
BNews.kz. сайты маалымдагандай, Казакстандын саламаттык сактоо министрилги 6-июнга карата менингококк инфекциясы боюнча абал тууралуу айтты.
Казакстанда 2018-жылдын башынан бери менингококк инфекциясынын 59 учуру катталган, алардын ичинен 14 жашка чейинки балдардын 21 учуру катталган.
Менингкокк инфекциясынан Казакстанда 13 киши каза болду. Жугуштуу дарттын таралышына байланыштуу абалды Казакстан саламаттык сактоо министрлиги көзөмөлгө алып жатканын билдирүүдө. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов Алматыдагы жугуштуу ооруканалардын ишин текшерип, менингококк инфекциясы боюнча кеңешме өткөрөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты