Флешмоб: Кыз ала качуу көрүнүшүнө жол берилбесин!

Флешмоб: Кыз ала качуу көрүнүшүнө жол берилбесин!

Бүгүн, 6-июнда, Бишкектеги “Ала Тоо” аянтында жогорку окуу жайлардын студенттери менен жалпы эле жаштары кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршы экенин билдирип, флешмоб уюштурушту. Анын уюштуруучулары КР Билим жана илим министрлиги, Enactus уюму, Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттиги болуп эсептелет.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2017-жылы жаштар Кыргызстандын жалпы калкынын 29 пайызын түзөт.
“Бүгүн биз флешмобдун жардамы менен жаштардын да көз-карашы, сөзү бар экенин билдирип жатабыз. Биз бүгүн мамлекетке эмес, биздин өлкөнүн бардык жарандарына кайрылабыз. Алар бардык чечимдерине жоопкерчилик менен карашсын, анын ичинде жаштарга байланыштуу чечимдерге дагы” дейт уюштуруучулардын бири Мирлан Парханов.
“Кыздарды ала качуу, аларды эркине каршы турмуш курууга мажбурлоо адамдын жеке эркиндигине каршы келген кылмыштардын бири. Мындан кылмыш кыздарды зордуктоо, кыйноо, аларга аеосуз мамиле жасоо менен коштолот. Мындай учурда кылмыш иши бир гана 155 –берене менен эмес, бир канча беренелер боюнча козголушу керек. Кылмыш иштер кодексине кошумчаларды киргизүү боюнча биз мыйзам долбоорун даярдоонун үстүндө иштеп жатабыз” деди Акыйкатчы Кубат Оторбаев.
27-майда 20 жаштагы Бурулай Турдалы кызын ала качып баратканда кармалган Марс Бөдөшев Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө алып келгенде, жарандарды кабыл алуу бөлмөсүндө жалгыз калган Бурулайдын артынан жашырынып келип, кызды бычак менен сайып өлтүргөн.
Студенттер, жаштар, жалпы эле элибиз Бурулайдын өлүмүнө себепкер болгон кыз ала качуу көрүнүшүнө өлкөдө жол берилбешин билдиришти.
Мындай флешмоб Кыргызстандын бардык аймагында өткөрүлмөкчү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты