Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга барды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга барды
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июнда, мамлекеттик визит менен Кытай Эл Республикасына барды.
Аба майданында ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген. Мамлекет башчысын Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Чжан Ханхуэй тосуп алды.
Мамлекет башчы Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин,  Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушат.
Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Анын ичинде ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы биргелешкен декларация бар.
Андан соң Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 9-10-июнунда өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Циндао шаарына барат.
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынында Шанхай Кызматташтык Уюмун мындан аркы өнүгүүсүнө тиешеси бар бир катар чечимдерди талкуулап, кабыл алуу,  саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле коопсуздук жана тышкы байланыш жаатындагы документтерди бекитүү мерчемделген.
Саммитте кытай тарап ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине төрагалыгын (2017-2018-жж.) аяктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп берет.
Саммиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты