Осмонбек Артыкбаевге кылмыш иши козголду

Осмонбек Артыкбаевге кылмыш иши козголду

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге Кылмыш кодексинин 303-беренеси, коррупция боюнча кылмыш ишин козголду.

2012-2013-жылдары Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо долбоорун аткаруу боюнча “Электр станциялары” ААКына төрт компаниядан сунуш түшкөнү аныкталган. Ал компаниялардын ичинен Кытайдын СМЕС мамлекеттик компаниясынын сунушу пайдалуу болгон. Ал 356 млн долларга долбоорду ишке ашырууну сунуштаган. Компаниянын негизги иши энергетикалык долбоорлор боюнча эл аралык контракттар менен иштөө болчу.
Ал эми Кытайдын ТВЕА компаниясы долбоорду 390 млн долларга сунуштаган. Андан дагы бул компаниянын мындай долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбасы жок болчу. Ошого карабастан, 2013-жылдын 24-майында КР Президентинин резолюциясы менен ал кездеги Энергетика жана өнөр жай министри О. Артыкбаевге ал кездеги тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы С. Исаковдон жана финансы-экономикалык анализ жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Н. Ахметовадан подрядчы катары ТВЕА компаниясын тандоо сунуш каты келген.
Андан кийин О. Артыкбаев 2013-жылдын май айынан декабрь айына чейин контракттык келишимди түзүүгө даярдык көрүү боюнча көп жолу кеңешме өткөргөн. Анда ал ТВЕА компаниясы менен алар айткан шартта келишим түзүү тууралуу айткан. О. Артыкбаев орун басары А. Калиев, “Электр станциялары” ААК башкы директору С. Авазов жана эксперт Ж. Назаров менен техникалык-экономикалык негиздеме ж.б. техникалык документтерди талап кылышкан эмес.
Анын натыйжасында 2013-жылдын 16-июлунда техникалык-экономикалык неиздемеси ж.б. техникалык документтери жок эле Кыргызстан үчүн пайдасыз болгон келишим “Электр станциялары”жана TBEA компаниясы тарабынан Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча 386 млн долларга эл аралык стандарттын “ЕРС” (“баарын даярдап, ачкычын карматуу”) контракттык келишими түзүлгөн.
Түзүлгөн «EPC» контракты боюнча “Электр станциялары” курулушка кеткен чыгымды көзөмөлдөй албай калган.
КР Эсеп палатасынын 2018-жылдын 12-апрелиндеги актысы боюнча жогоруда аталган контрактты түзүүдө сметанын негизинде так эсептер жана чыгымдардын ар бири боюнча конкреттүү смета түзүлгөн эмес.
«ЕРС» контрактын түзүүдө Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы сакталган эмес, анткени аткарылган ишке кеткен каражатты так аныктоого мүмкүн эмес. Тандап текшерип көргөңдө айрым позиция боюнча баалардын айырмасы 20 млн долларга чейин жеткен. Ал өзүн-өзү качан актайт жана коротулган каражатттын кайтарылышы тууралуу эсептер жана экономикалык анализдин жоктугу кредитти кайтара албоо кыйынчылыгын жана мамлекеттик активдерди жоготууга алып келиши мүмкүн.
Кылмыш иши Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты