Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору кармалды

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору А.С.К. опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган адам К.Ж.К. аттуу жарандан жарандык ишти кайра кароого жөнөтүүнү жана анын пайдасына чечим чыгартып берүүнү убадалап, 35 миң доллар талап кылган.

А.С.К. буга чейин дагы жогорудагы иш боюнча маселени чечип берем деп К.Ж.К.дан 97,5 миң доллар алганы аныкталган.

А.С.К. 21-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты