Өзбекстанда адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн адам Чүйдөн кармалды

  • 2 года мурун

Өзбекстанда адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн адам Чүй облусунан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери шектүүнү кармап, текшерүүгө алышкан учурда анын буга чейин издөөдө жүргөнү белгилүү болгон.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын 1999-жылы туулган жараны Б.С. 2020-жылдын февраль айында айылдашын бычактап өлтүрүп, качып кеткен деген шек менен издөөдө жүргөн.

Ага Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (атайылап киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган шектүү Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына камакка алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты