Экс-премьер Сапар Исаков эки айга камакка алынды

Экс-премьер Сапар Исаков эки айга камакка алынды
Бүгүн, 5-майда, экс-премьер Сапар Исаков Улуттук Коопсуздук комитетине суракка чакырылгандан кийин Бишкек ЖЭБи боюнча эки айга, тергөө иштери аягына чыккыча камакка алынды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.
Мындан мурда да экс премьер Сапар Исаков УКМКга тергөөгө чакырылып, ага үзбөй барып турган. 29-майда ага Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо учурунда
386 миллион доллар Кытай насыясын максатсыз пайдаланганы үчүн Кылмыш кодексинин 303-беренеси, коррупция боюнча айыбы угузулуп, ага башка жакка чыкпоо жазасы чыгарылган. Сапар Исаков ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу подрядчы тандоодо Кытайдын TBEA компаниясынын кызыкчылыгын коргогон деп айыпталууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты