Нарын дарыясына түшүп кеткен баланын сөөгү бир жарым айдан кийин табылды

  • 2 года мурун

Нарын дарыясына түшүп кетип, дайынсыз жоголгон баланын сөөгү бир жарым айдан кийин Эмгек-Талаа айылында дарыянын жээгинен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маркум 7-мартта Орто-Нура айылында дарыяга түшүп кетип, дайынсыз болуп жаткан. 21-апрелде саат 19:50лөр чамасында Эмгек-Талаа айылында дарыянын жээгинен сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Баланын өздүгү туугандары тарабынан тастыкталды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты