Кыргыз жана тажик чек ара кызматынын башчылары жолугушат

Кыргыз жана тажик чек ара кызматынын башчылары жолугушат
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы бүгүн, 5-июнда, билдиргенине караганда, Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Чек арада болгон окуяга байланыштуу кыргыз жана тажик чек ара кызматынын башчылары 6-июнда жолугушат.
Кыргызстан менен Тажикстан чек арачыларынын ортосундагы 4-июндагы окуядан кийин эки өлкөнүн чек арачыларынын өкүлдөрү жолугушкан. Анда кыргыз тарап кыргыз-тажик чек ара участогунда мамлекеттик чек ара тилкесинен өтпөө тууралуу эскертилген.
Жолугушуудан кийин үч тажик чек арачысы тажик тарапка өткөрүлүп берилген. Эки тараптын чек арачылары өз өлкөлөрүндө аскер прокуратурасынын катышуусу менен иликтөө жүргүзүү тууралуу келишимге келишкен.
Эртең, 6-июнда, эки өлкөнүн Чек ара кызматынын жетекчилери жолугушмакчы.
Ал эми 4-июнда Лейлек районунун Максат жергесинин “Футбол талаасы” участогунда саат 17:10 гө чамалуу Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арачыларынын ортосундагы окуяда тажик аскер кызматкерлери эскертүү иретинде асманга ок атышкан.
Мындай окуяга себеп болуп, тажик аскер кызматкерлери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чек ара тилкесинен өтүп кеткендиги болгон. Тажик чек арачылары “Футбол талаасы” участогунда соода жүргүзүп жаткан Кыргызстандын жарандарын кууп чыгышкан.
Кыргызстандык жарандар менен Тажикстандын аскерлеринин араздашуусу ал жакка барган Кыргызстандын чек арачылары тарабынан токтотулган. Кыргызстандын чек арачылары Тажик аскерлерине эскертүү берип, андай жол менен маселе чечүүгө болбостугун айтышты. Ошондой эле тажик аскерлери такталбаган жерге келип, кыргызстандыктарды ал жерден кетүүнү талап кылганын билдиришти.
Тажик аскерлери Кыргызстандын чек арачыларынын талабын аткарбастан, өздөрүн ачуулуу алып жүрүп, мушташууга азгырык ташташкан жана эскертүү иретинде абага ок атышкан. Алар Кыргызстандын чек арачылары тарабынан кармалган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты