Гватемала: вулкандын атылышынан курмандыктар көбөйдү

Гватемала: вулкандын атылышынан курмандыктар көбөйдүГватемалада 3-июнда вулкандын атылышынан адамдар жабыркады. Айрым маалыматтар боюнча курмандыктардын саны 62ге жетти.  Көчөдөн, чиркөөдөн, айрымдар өз үйүнөн толугу менен үй-бүлөсү менен курман болушкан.  Жергиликтүү калк сөөгү табыла элек курмандыктар да бар экенин айтышууда.

3-июнда эртең менен Фуэго вулканы атылып, күлү 10 чакырымга чейин жеткен. Саат 15:00дө ылай жана суу Сан-Мигель-Лос-Лотес жергесине, андан кийин Эль-Родео жана Ла-Либертад айылдарына жеткен. Вулкан атылган жакта катуу жаан жааган.

Эл вулкан газынан, күл жана таш аралаш массадан курман болушкан. 300 дөй адам ар кандай жаракат алган, денелери күйгөн. Вулкандын күлү Гватемала, Эскуинтла, Чимальтенанго, Киче и Сакатепекес департанеттерине чейин жеткен.

Фуэго вулканы Борбор Америка республикасында эң активдүү вулкандын бири болуп саналат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты