Бурулай Турдалы кызынын өлүмү боюнча жазалангандардын саны 23кө жетти

 Бурулай Турдалы кызынын өлүмү боюнча жазалангандардын саны 23кө жеттиЖайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында 20 жаштагы Бурулай Турдалы кызын ала качуу учурунда кармалган киши жашырынып барып, жарандарды кабыл алуу бөлмөсүндө олтурган Бурулай Турдалы кызын мыкаачылык менен өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак урган.  

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, 4-июнда кызматтык иликтөө аяктап, 23 милиция кызматкери жазаланды,  Ички иштер органдарынан 5 кызматкер биротоло айдалды, 8  киши кызматтан бошотулду, анын ичинде Чүй облустук ИИБ башчысы, Жайыл райондук ИИБ башчысы жана анын орун басарлары, кызматка толук ылайык келбегени -7 жана башка, бардыгы 23 кызматкерлер жазаланды.

Чүй облустук ИИБ башчысы Н. Сарчаев, анын орун басарлары, К. Жумаев, М. Асанов, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы М. Исмаилов кызматтан бошотулду. Ал эми Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ж. Абыканов ички иштер органдарынан биротоло кетирилди.   Дагы бир орун басары Б. Чаргынов эскертилип, коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары А. Аблабеков, тергөөчү Э. Кадышев кызматынан бошотулду.
Ошондой эле Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн жолду көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Т. Ниязалиев, Чүй ОИИББ жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнүн нөөмөтчүсү Т. Макашов кызматынан бошотулду.
КР ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам чара көрүү борборунун башчысы Э.Орозакуновго сөгүш, Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын башчысы А. Исаковго катуу сөгүш, ИИМдин жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн Чүй  облустук башчысы А. Сакишовке  сөгүш жарыяланды.
Чүй ОИИБ жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн кенже тескөөчүсү  З. Айткожоевге, Жайыл райондук Ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү К. Сабыровго, криминалдык милиция кызматынын ыкчам өкүлү А. Ормокеевге, Чүй ОИИББ боюнча жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн  тескөөчүсү З. Байтерековго, Чүй ОИИББ кайгуул күзөт кызматынын милиционери Б.Майлыбаевге жана Чүй ОИИББ боюнча жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнүн жардамчысы Ш. Юсузовго эскертүү берилди.
Андан сырткары Жайыл РИИБ нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөткер-тескөөчүсү И. Иманалиев, милиционер Н.Эсенкулов, имараттагы күзөт тобунун милиционери  М. Макеев, нөөмөт бөлүмүнүн имараттагы күзөт тобунун милиционери А.Атакулов ички иштер органдарынын кызматынан биротоло айдалды.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жиберилди.
Тактай кетсек, Жайыл РИИБдин имаратында ала качыа баратып, кармалып, Жайыл райондук ИИБ имаратына алынып келингенде, алып качып бараткан киши тарабынант өлтүрүлгөн  Бурулай Турдалы кызын өлтүрүү фактысы боюнча Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан милиция кызматкерлерине карата кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин (шалаакылык) негизинде кылмыш иши козголуп,  тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты