Сооронбай Жээнбеков Кытайга барат

Сооронбай Жээнбеков Кытайга баратКыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча 2018-жылдын 6-8-июнунда Кытайга мамлекеттик визит менен барат. 

Бул жөнүндө бүгүн, 4-июнда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн  башчысы Данияр Сыдыков жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн брифингде билдирди.

Данияр Сыдыков билдиргендей,  мамлекеттик визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин,  КЭР  Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугаары пландалууда.

«Бул визит келечекке багытталган кыргыз-кытай кызматташтыгын жана өнөктөштүгүн кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө  кыргыз тарап чоң маани бере турганын билдирет» деп белгиледи Д. Сыдыков.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык, ведомстволор аралык жана башка 200дөй эки тараптуу документтерге кол коюлган.

«Визиттин жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат. Алсак, биздин өз ара аракеттенишүүбүздүн тарыхындагы жаңы баракты ача турган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы бирдиктүү декларация негизги саясий документ болуп калат, — деп белгиледи Данияр Садыков. — Биз бул мамлекеттик визит жакшы натыйжаларды берерине бекем ишенебиз.  Ал эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө көмөк болуп, эң жогорку жана жогорку деңгээлдердеги өз ара кызматташууну бекемдейт жана ишкердүү соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет».

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 9-10-июнунда Циндао шаарында (КЭР) өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катыша турганын белгиледи.

Данияр Сыдыковдун айтымында, боло турган саммитке Индиянын жана Пакистандын жетекчилери биринчи жолу ШКУнун толук укуктуу мүчөсү катары катышат.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынында, Шанхай кызматташтык уюмун мындан аркы өнүгүүсүнө байланыштуу бир катар чечимдер талкууланып, кабыл алынаары  саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндөгү, ошондой эле коопсуздук жана тышкы байланыш жаатындагы документтерди бекитүү каралмакчы.

Д. Сыдыков Циндаодогу саммитте кытай тарап ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине төрагалыгын (2017-2018-жж.) жыйынтыктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп бере турганын белгиледи.

«Саммиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушуулары пландалууда», — деп белгиледи КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты