Дүйнөнүн сулуу айымы Сания Шакирова каза тапкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши ачылды 

Дүйнөнүн сулуу айымы Сания Шакирова каза тапкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши ачылды 2-июнда Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылындагы жол кырсыгынан “Дүйнөнүн сулуу айымы-2018” наамын жеңип алган Сания Шакирова каза тапкан жана дагы эки киши жаракат алган жол кырсыгы боюнча бүгүн, 4-июнда, кылмыш иши ачылды.

Жол кырсыгынан жаракат алган эки кишинин бири Саниянын жигити жана айдоочу. Айдоочу рулду башкара албай калган.

30 жаштагы Сания Шакирова ушул жылы Вьетнамда өткөн конкурста “Дүйнөнүн сулуу айымы” наамын жеңип алган эле. Ал үч баланы тарбиялап жаткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты