Бишкек мэриясы Кыргызстанда өндүрүлгөн автобустарды сатып ала албай турганы айтылды

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык мэриясы азырынча донордук акчага жергиликтүү «Белес.kg» компаниясынын автобустарын сатып ала албайт. Бул тууралуу мэрияга караштуу Транспорт департаментинин директору Максат Нусубалиев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин 19-апрелдеги жыйынында билдирди.

Анын айтымында, буга жергиликтүү ишкана өндүргөн автобустардын баасынын кымбаттыгы жана сапатын тастыктоочу сертификаттын жоктугу себеп болууда:

«Белес.kg» ишканасы менен сүйлөшүү болду, президент Садыр Жапаров көрүп келгенден кийин өзүбүз да бардык. Сапаты чынында жакшы экен. Ишкананын жетекчисинин айтымында, ошол автобусту чыгарууга 254 миң евро сарпталган экен. Бул баалар мэрия үчүн кымбат. Ишканадан кечээ эле расмий кат келди: «500 даанадан өйдө алсаңар, дүң баа менен 178 миң 500 евродон бергенге даярбыз, аткаруу мөөнөтү 12 ай», — деп жатышат. Бул да өтө эле кымбат. Мисалы, дүйнөлүк бренддердин баасы буга караганда бир топ төмөн. Экинчи бир маселе, ар бир товардын сапаты боюнча сертификаты болот, мына ошол сертификаттан азыр өтүп жатат, аны майдын ортолорунда алып келебиз деп айтышты».

Бүгүн, 19-апрелде комитеттин жыйынында Азия өнүктүрүү банкынын шаардык транспортту электрлештирүү долбооруна бөлө турган каражаты боюнча маселе каралды. Долбоордун алкагында Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 25 млн доллар жеңилдетилген насыя жана 25.7 млн доллар грант алуусу пландалууда.

Автобус кураштыруучу «Белес.kg» ишканасы чыгара турган алгачкы 10 автобусту мамлекет сатып аларын быйыл 15-февралда компаниянын иши менен таанышканы барганда президент Садыр Жапаров билдирген жана бул транспорт каражаты жакшы болуп чыкса, келечекте ишкана менен туруктуу негизде кызматташуу мүмкүнчүлүгү карала турганын айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты