Султанбаев жаңы административдик имараттын курулушу боюнча сын-пикирлерге жооп берди

  • 2 года мурун

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жаңы административдик имараттын курулушуна байланыштуу айтылып жаткан сын-пикирлерге «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жооп берди.

Султанбаев жаңы административдик имараттын курулушуна байланыштуу талкуулар көпчүлүк учурда ага чыгымдала турган каражатты мектеп, оорукана сыяктуу социалдык объектилерди курууга жумшаса болмок деген ойго келип такалып жатканын жазган.

«Статистикалык маалыматтарга учкай токтоло кетейин. Акыркы бир жарым жылда өлкө боюнча 202 мектеп жана алардын спорт залдарынын курулушу жүрүп, 68 мектеп бүткөрүлдү. Ошондой эле акыркы бир жарым жылдын ичинде республика боюнча 159 социалдык объектинин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери аяктады», — деп жазылат билдирүүдө.

Басма сөз катчысынын маалыматына ылайык, саламаттык сактоо тармагына 2021-жылы 20,9 миллиард сом бөлүнгөн болсо, 2022-жылы 23,5 миллиард сом, билим берүү тармагына өткөн жылы 40,2 миллиард сом бөлүнгөн болсо, бул жылы 42,1 миллиард сом, социалдык коргоо тармагын камсыздоого 2021-жылы 35,8 миллиард сом бөлүнсө, быйыл 42,2 миллиард сом каралган.

Мындан тышкары ал ушул жылдын 1-апрелинен тартып 309 миң социалдык кызматкердин эмгек акысы жогорулатылганын эскертип, 1-июндан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын көлөмүн көтөрүү пландаштырылып жатканын билдирди.

«Мектептер, ооруканалар, социалдык объектилер курулуп келген жана курула бермекчи. Социалдык чөйрө мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири болуп кала берет», — деп жазат Султанбаев.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 15-апрелде президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салган. Президент аянты 21 миң чарчы метрди түзгөн жаңы имарат сапаттуу салынышы керектигин айткан. Өлкө башчынын басма сөз кызматы жаңы административдик комплекс курулуп мамлекеттик органдар бир жерге жайгашса, чечимдерди иштеп чыгуу процесси тездеп, Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү автожолдогу жүк азая турганын билдирген.

Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары өлкөдө экономикалык кыйын кырдаалда президенттин жаңы администрациясы курулуп жатканын сындап чыгышкан. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты